Он-Арча каналы
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Он-Арча каналы - Кыргызстандын түндүгүндөгү Нарын облусунун Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Эчки-Башы айылындагы тоо боору аркылуу чабылган чоң арык (канал).
Ал 1970-жылдардын башында чабылган. Тоо боору жардыргыч заттар аркылуу жардырылып курулган бул канал аркылуу Эчки-Башы айылынан тышкары Миң-Булак жана Эмгекчил айылдарынын да талаалары сугарылат. Каналдагы суу айтылуу Он-Арча дарыясынан чоң арык аркылуу агызылып келип, анан каналдын тоо боорундагы бөлүгүнө электр кубатынын жардамы менен суу куурлары аркылуу аттырылып чыгарылат, андан ары эңкейиштеп агат.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|