Александр фон Гумбольдт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
wikidata + AvHumboldt.jpg
1-сап:
[[Файл:AvHumboldt.jpg|thumb|Александр Гумбольдт (1843).]]
'''Гумбольдт Александр''' (1769-1859) - немец табият таануучусу, [[География|географ]] жана саякатчы.
Берлин ИАнын мүчөсү (1800), Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1818). Франциялык ботаник Э. Бонплан менен бирге 1799-1804-ж. [[Түштүк Америка|Түштүк]] жана [[Борбордук Америка|Борбордук Американы]] изилдеген. 1829-ж. Урал, Алтай, Батыш Сибирь, Каспий деңизине саякат жасаган. Гумбольдт өсүмдүктүн зона боюнча таралышы жөнүндөгү идеяга, өлкө жана ландшафт таанууга, өсүмдүктөр географиясына негиз салган; бир катар орографиялык жана климаттык законченемдүүлүктү аныктаган; изотерма жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. Жер магнетизмин, жанар тоолорду көп изилдеген. Гумбольдттун «1799-1804-ж. Жаңы Дүйнөнүн күн-түнү тең облусттарына саякат», «Табияттын көрүнүшү» (1808), «Космос» (1845-62-ж. 1-5-т.) аттуу залкар эмгектери орусчага которулган.
 
Гумбольдт ысымы менен бир катар геогр. объектилер (Борбордук Азия менен Түндүк Америкадагы кырка тоолор, Гренландиядагы мөңгү, [[Тынч океан|Тынч океандагы]] агым ж. б.), айрым өсүмдүктөр, минерал, Айдагы кратер ж. б. аталган. Берлиндеги [[университет]] да ага-ини Александр жана Вильгельм Гумбольдт Атында.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2
 
[[Категория:География]]
[[Категория:ИнсандарГеографтар‎]]
[[Категория:ГеографияБотаниктер‎]]