Далянь шаары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Aerial view of Dalian, China.JPG|thumb|250pxДалянь.]]
'''Далянь''' (ор. Дальний, яп. Дайрен)– Түндүк-Чыгыш [[Кытай|Кытайдагы]] шаар. Сары деңиздин Даляньвань булуңундагы ири порт (жылына 145 млн т. жүк ташылат). Ляонин провинциясында. Калкы 2,1 млн (2007). Балык кармоочу база. Кеме жана машина куруу, химиялык нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш өнөр жай бар. 1898-ж. Циннива кыштагын [[Россия]] Кытайдан убактылуу ижарага алып, анын ордуна Дальний шаарын негиздеген. 1904–05-ж. орус-япон согушунда [[Япония]] басып алган. Советтик армия 1945-ж. августта бошоткон. 1945-ж. совет-кытай келишими боюнча Кытай өкмөтү эркин порт атаган; порттун пристаны жана кампалары Советтер Союзуна 30 жылга ижарага берилип, 1950-ж. КЭРге акысыз кайтарылган. Далянь – илим жана билимдин ири борбору. Анда 300дөн ашык илимий-изилдөөлөр институту, 17 университет менен институт, музейлер, сүрөт галереясы, зоопарк, куштар паркы (1991; куштардын 1000ден ашык түрү), аквапарк бар. Жыл сайын эл аралык ярмаркалар (пиво фестивалы, 1999; дүйнөдөгү эң ири, «Октоберфеста» Мюнхен фестивалынан кийинки) өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн. Даляньга жакын көптөгөн кендердин (анын ичинде алмаз) запасы бар.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргызстан: энциклопедия
 
[[Категория:ГеографияКытай]]
[[Категория:Шаарлар‎]]