Папуа-Жаңы Гвинея: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Колдонулган адабияттар: + {{Улуттар Шериктештиги}}
No edit summary
2-сап:
[[Файл:Flag of Papua New Guinea.svg|thumb]]
 
'''Папуа-Жаңы Гвинея''' – [[Океания|Океаниядагы]] мамлекет. [[Тынч океандын]] түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашып, [[Жаны Гвинея]] аралынын чыгыш бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан аралдарды, Бисмарк архипелагын, Соломон аралынын түндүк бөлүгүн (Бугенвиль, Бука аралдарын), Д’Антркасто аралын ж. б. жерлерди ээлейт. Арафура, Коралл, Соломон жана Жаңы Гвинея деңиздери жана Тынч океан чулгайт. Австралиядан Торрес кысыгы аркылуу (туурасы 160 км) бөлүнөт. Кургактык аркылуу Индонезия менен гана чектешет. Аянты 462,8 миң км<sup>2</sup>. Калкы 7,3 млн (2013); калкынын негизин папуастар түзөт, ошондой эле меланезиялыктар, микронезиялыктар, полинезиялыктар да жашайт. Расмий тили - англис тили, ток-писин жана хири-моту тилдеринде да сүйлөшөт. Динге ишенгендердин көбү - христиандар, калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Шаар калкы 15,2%. Борбору – Порт-Морсби. Административдик-аймактык жактан 4 регионго, алар 22 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – кина.
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011)
12-сап:
 
Папуа-Жаңы Гвинея аймагын байыртадан папуастар жана меланезиялыктар мекендеп, аң уулап, жемиш жыйнап, урук чогултуп, жыйноочулук жана балык уулоо менен кесиптенген. Папуа-Жаңы Гвинеяны 1526-ж. португалиялык дениз саякатчысы Жоржи де Менезеше ачкан. 19-кылымда аралга европалыктар келе баштаган. 1824-ж. Голландия Жаңы Гвинея аралынын батыш бөлүгүн ээлеген. 1884-ж. 3-ноябрда аралдын түндүк-чыгыш бөлүгү германиялык Жаны Гвинея протектораты болуп жарыяланган. Ошол эле жылдын 6-ноябрында аралдын түштүк-чыгыш бөлүгү Британия Жаны Гвинеясы аталып, Улуу Британияга караган. 1885-ж. апрелде Соломон аралынын түндүк бөлүгү (Бука, Бугенвиль, Щуазёль, Шортленд, Санта-Исабель аралдары, Онтонг-Жава же Лорд-Хау атоллу) Германия протектораты, 1899-жылдын 14-ноябрынан Германия Жаңы Гвинеясы. Британия Жаңы Гвинеясы 1906-ж. 1-сентябрда Австралия союзуна өтүп, Папуа аталган. 1914-ж. 11-ноябрда Германия Жаңы Гвинеясын Австралия басып алып, Түндүк-Чыгыш Жаны Гвинея деп атаган. 1920-ж. 17-декабрда Австралия Түндүк Чыгыш Жаны Гвинеяны башкарууга Улуттар Лигасынан мандат алып, аны Жаны Гвинея аймагы деп атаган. 1942-ж. 21-январда Жаңы Гвинея аралына япондор кол салып, Австралия Папуа жана Жаңы Гвинея аймактарын бириктирип (1942-ж. 10-апрель), Папуа-Жаны Гвинея аймагы атаган. 1973-ж. декабрда Папуа-Жаңы Гвинея өзүн өзү башкаруу укугуна ээ болуп, 1975-ж. 16-сентябрдан көз карандысыз мамлекет. 1988–97-жылдары Бугенвиль аралы Папуа-Жаңы Гвинеядан бөлүнүү талаптары менен согуш ачкан, бирок аны Папуа-Жаңы Гвинея өкмөтү куралдуу күч менен токтотуп келүүдө.
 
Экономикасында жаратылыш байлыктарынын мааниси чоң. Жез, алтын, нефть кенин сатуудан киреше арбын түшөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 14,4 млрд АКШ долларын түзөт (2009). Андагы өнөр-жайдын үлүшү (% менен) 37 (анын ичинде 29у тоокен өнөр-жайына туура келет), айыл-чарбасыныкы 33, тейлөө чөйрөсүнүкү 30. Алтын, күмүш, жез жана цинк казылып алынат. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Аралда кокос пальмасы, банан, кофе, какао, коон дарагы, тамыры жемиш өсүмдүктөр (таро, ямс, батат, маниок ж. б.) айдалат. Эт багытындагы мал асыралат. Балыкчылык өнүккөн. 1994-ж. 1,8 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 19,7 миң км. Сыртка тоо кен өнөр-жайынын продукцияларын, тропика жыгачтарын, кофе, какао, алтын, пальма майын, копра чыгарат. Негизги соода шериктери: Австралия, Япония.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
{{Улуттар Шериктештиги}}
 
[[Категория:Дүйнө өлкөлөрү]]
[[Категория:Папуа-Жаңы Гвинея| ]]