Диаш Бартоломеу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
wikidata + links + Файл:Diaz on his voyage to the cape.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Diaz on his voyage to the cape.jpg|thumb]]
'''Диаш, Бартоломеу''' (Dias de Novaes, 1450-жыл чен – 29. 5. 1500) – [[Португалия|португалиялык]] деңиз сүзүүчүсү. Диаш1487–88-ж. [[Индия|Индияга]] деңиз жолун табуу үчүн чыккан экспедицияны жетектеген. Анда Ыйык Крест тумшугунан түштүгүрөөктө жаңы жерди издешкен. Алгачкылардан болуп [[Африка|Африканын ]] Түштүк учуна жетип, Алгоа бухтасы аркылуу өткөн, бирок командасынын талабы боюнча артка кайтууга аргасыз болгон. Кайтып келатып, [[Илгери үмүт тумшугу|Илгери Үмүт тумшугун]] ачкан. Африка жээгинин ачык аймактарын сүрөттөп жазып, картага түшүргөн. Индияга жана [[Инди океаны|Инди океанына]] жаңы жол ачкандыгын туура айткан. 1500-ж. А. Кабралдын соода экспедициясына катышкан. Индияга бараткан жолунда катуу толкунга туш болуп, Илгери Үмүт тумшугунун жанында каза болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:Инсандар]]