Географиялык ачылыштар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
{{merge|Географиялык ачылыштар|Географиялык улуу ачылыштар}}
No edit summary
1-сап:
{{merge|Географиялык ачылыштарmergeto|Географиялык улуу ачылыштар}}
'''Географиялык ачылыштар''' — географиялык жаңы объектини же георг. законченемди табуу. Географиянын алгачкы калыптануу мезгилинде мурда (негизинен европалыктар үчүн) белгисиз аймак деп аталган географиялык объектилер, өлкөлөр, региондор басымдуулук кылган. Аймактык ачылуулар, жаңы аймактарды басып алуу, экономикалык жана аскердик эрегиштик, колониялык империянын пайда болушу Байыркы дүйнөнүн жана алгачкы о. кылымдын элдеринин географиялык кругозору кыйла кеңейишине түрткү болгон. Географиялык ачылыштар жер бетинин картасын (алгачкы адам тарткан сүрөттөн азыркы карталарга чейин) түзүүгө өбөлгө болгон. Жер шары жөнүндөгү жалпы географиялык түшүнүктүн калыптануу чеги Васко да Гаманын экспедициясынан жана Ф. Магеллан жана башкалардын дүйнөнү айланып чыккан саякаттарынан, 15кылымдын аягы -16-кылымдын башталышында географиялык улуу ачылыштардан кийин башталган. 18-к.-19-кылымдын башталышындагы эң ири экспедициялар (Ж. Куктун, Л. А. де Бугенвилдин дүйнөнү айланып чыккан саякаттары, Ж. Ф. Лаперузанын, Ж. Дюмон-Дюрвилдин жана башкалардын экспедициялары) атайын (соода, промыселдик, транспорттук, аскердик максатты гана аткарбастан), ошондой эле илимий из. иштерин да жүргүзүшкөн. Россияда 18-кылымдагы илимий ири саякат 2-Камчатка (Улуу Түндүк) экспедициясы болгон. Аймакты ачуунун белгилүү бир деңгээлдеги аналогу ошондой эле 20-кылымда деңиз жана океан тамандарын картага түшүрүүдөгү ачылуулар болгон. 20-кылымдын орто ченинде аймакты ачуу дээрлик аяктаган (кургактыктын жана Дүйнөлүк океандын таманынын айрым бөлүктөрүнөн башкасы); кургактыктын зор бөлүгүн текши топографиялык сүрөткө түшүрүүнүн натыйжасында ири масштабдуу топографиялык карталар түзүлгөн. Географиялык илимдерге таандык болгон законченемдерди ачыш алардын ар биринин изилдөө объектилерине байланыштуу, кыскасы География.