Француз Полинезиясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Flag of French Polynesia.svg +
м + Vue Mangareva2.jpg
8-сап:
Шуру аралдары кокос пальмасы менен тегиз капталган. Жаныбарларга жарды.
 
[[Файл:Vue Mangareva2.jpg|thumb|Мангарева.]]
Экономикасында балык кармоо жана кендир буласын өндүрүү негизги ролду ойнойт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 4,7 млрд АКШ долларын түзөт (2004). Аны киши башына бөлүштүргөндө 18,0 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 76, өнөр-жайдыкы 20, айыл-чарбаныкы 3,5. 2007-ж. 0,6 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 1%и гана иштетилет. Кокос, ваниль, жашылча-жемиш, кофе айдалат. Аймагынын 31% ин токой ээлейт. Үй куштары багылат. Эт-сүт багытындагы мал ([[Туамоту]] аралы-нда эт үчүн ит) асыралат. Айыл-чарба продуктулары кайрадан иштетилет. Белек-бечкектер даярдалат. Экономикасынын негизин туристтерди тейлөө түзөт. Кийинки кездери соода, кол өнөрчүлүк өнүгүүдө. [[Таити]] аралында өндүрүрүлгөн кара бермет дүйнөгө белгилүү. Балыкчылык өнүккөн. Сыртка кара бермет, кокос, ваниль, акула эти, белек-бечкектер чыгарылып, сырттан отун, азыктүлүк, өнөр-жай товарлары, машина жана анын жабдуулары алынат. Университет (1987), техникалык жогорку мектеби, мамлекеттик лицей, атайын окуу жайлары бар. Алгачкы билим алуу акысыз жана милдеттүү. Туристтердин келүүсү жылдан-жылга (жылына 180 миң) өсүүдө. Аларды суу дүйнөсү жана аралдардын бай фаунасы (таш бака, акула, деңиз жылдызы, өзгөчө кооз балыктар) кызыктырат. Аралда эч жерде кезикпеген музейлер (Таити тарыхы, сүрөтчү Гогендин, кара бермет жана үлүл) бар.
 
==Колдонулган адабияттар==