Фтор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
м links
 
2-сап:
'''Фтор''' (латын тилинен Fluorum), [[Д. И. Менделеев]] мезгилдик системасы 2-мезгилинин VIIА группа элементи, галогендерге кирет. 9, [[Атомдук масса|ат. м.]] 18,9984. Мол-сы 2 атомдуу. Табигый Ф. туруктуу бир изотоптон турат 19F. Жасалма ыкмада алынган 5 радиоактивдүү изотобу бар: 16F(T1/2 <1мсек), 17F (T1/2 < 70 сек), 18F (T1/2 < 11,1 мин), 20F (T1/2 < 11,4 сек), 21F(T1/2 <5сек). Атомунун коваленттик радиусу F + 1,33 ; иондошуу энергиясы: F0 ® F + 401,7 ''ккал''/''г ''×атом. Ф. жер кыртышында м. боюнча 6,6×10-2 % түзөт.
 
Негизги минералы – плавик шпаты же [[флюорит]] – CaF2. Ошондой эле жаратылыштагы фосфат – фтораппатитте 3Ca3(PO4)3×СаF2 (3,3 %) жана [[Криофиттер|криолитте]] Na3AlF6 – 54,3 % кездешет. Андан сырткары Ф. бирикмелери жаратылыш сууларында, өсүмдүк менен жаныбар организминде да кездешет. Плавик шпатынын негизги кендери Забайкальеде, Ненец улуттук автономдук округунда, [[Тажикстан]], [[Казакстан]], [[Америка Кошмо Штаттары|АКШ]] (Иллиноис жана Кентукки штаттары), [[Мексика]], [[Кытай|КЭР]], Европа, [[Италия|Италияда]] жайгашкан. Криолит түрүндөгү запастары Гренландияда табылган. Фтор – сары-жашыл түстөгү, кадимки шартта кескин жыттуу газ. Ал суюктукка –118,13оС (760 сым. мам. ''мм''), ал эми катуу абалга -219,610С айланат. Газ абалындагы Ф. тыгызд. 1,693 ''г''/''л'', суюк Ф. тыгызд. 1,5127 ''г''/''см3''. Кайноо температурасы -188,13оС жана балкып эрүү температурасы –29,61оС. Окистенүү даражасы – 1 барабар. Ф. гелий, неон жана аргондон башка бардык элементтер менен реакцияга кирүүгө жөндөмдүү. Кычкылтек менен төмөнкү темп-рада кычкылтек фториддерин OF2, O2F2, O3F3 жана башка пайда кылат. Ф. өтө активдүү болгондуктан бардык металлды, суутек, бром, йод, күкүм түрүндөгү S, Si,B, C оңой окистендирет, P, Na, K, Pb кадимки темп-рада, Zn, Sn, Al, Ag, Cu ысытканда Ф. күйүүгө жөндөмдүү; селен, теллур, күкүрт менен фторидди пайда кылат. Суутекте эрип, Ф. суутекти берет. Галогендер бардыгы менен орун алмашуу реакциясына кирет. Ф. кычкылтекти бирикмелеринен сүрүп чыгарат жана суудан суутекти тартып ала алат. Ф. алуунун негизги булагы –суутек фториди. Өндүрүштө KF-HF сыяктуу аралашмадагы суутек фториди эритмесин электролиздөөдөн алынат. Мында HF электролизге учурайт, ал эми KF электр тогун өткөрүүнү камсыз кылат:
 
3НF = Н2F+ + НF-2 ;
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Фтор" булагынан алынды