"Кудус" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

20 bytes removed ,  4 жыл мурун
+ link, remove duplicate pictures
No edit summary
(+ link, remove duplicate pictures)
|сүрөтү = [[File:Jerusalem infobox image.JPG|Jerusalem infobox image|300px]]
|баш ийгени =
|өлкө = [[Израиль]]
|герб = Jerusalem emblem.svg
|желек = Flag of Jerusalem.svg
}}
 
'''Кудус, Иерусалим''' ({{lang-he|ירושלים}} — ''Иерушалаим'', {{lang-ar|القدس}} — ''Эл-Кудс'') — Израилдеги шаар. Административдик жактан аты окшош аймакты түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 чакырым чыгышта, Жансыз деңизден 30 чакырым батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 743,5 миң (2007); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана унаа жолдор тоому. Аба майданы бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%) түзөт. Кудус заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана израилдик ири концерндер (анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)), тиричилик электр-техникалары, дары дармек, кездеме, булгаары бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эмерек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полигр., тамак-аш өнөр жай иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Александр Македонский державасы, Байыркы Рим, Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920-48-ж. Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын административдик борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча административдик бирдик болууга тийиш эле, бирок 194849-ж-дагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687-691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11-12-кылымдын чиркөөлөрү, цитадель (14-16-к.), Ыйык Иаков монастыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археологиялык эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
 
Алгач б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, [[Александр Македонский]] державасы, Байыркы Рим, Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920-48-ж. Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын административдик борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча административдик бирдик болууга тийиш эле, бирок 194849-ж-дагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687-691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11-12-кылымдын чиркөөлөрү, цитадель (14-16-к.), Ыйык Иаков монастыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археологиялык эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
 
== Галерея ==
<gallery>
 
Файл:Jerusalem Dome of the rock BW 14.JPG
Файл:Emblem of Jerusalem.svg
Файл:Flag of Jerusalem.svg
Файл:Western wall jerusalem night.jpg
Файл:Elyon.JPG|[[Израилдин жогорку соту]]
Файл:AlbertEinsteinStatue-InIsraelAcademyOfSciencesAndHumanities-ByRobertBerks.JPG|Израиль илимдер академиясы
Файл:Academy of the Hebrew Language.JPG|[[Жөөт тилинин академиясы]]
 
</gallery>
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
{{Азия өлкөлөрүнүн борборлору}}
[[Категория:ГеографияАсрайыл]]
[[Категория:Шаарлар‎]]
25 681

edits