Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ link, remove duplicate pictures
м + link
5-сап:
|сүрөтү = [[File:Jerusalem infobox image.JPG|Jerusalem infobox image|300px]]
|баш ийгени =
|өлкө = [[Израиль]]
|герб = Jerusalem emblem.svg
|желек = Flag of Jerusalem.svg
60-сап:
}}
 
'''Кудус, Иерусалим''' ({{lang-he|ירושלים}} — ''Иерушалаим'', {{lang-ar|القدس}} — ''Эл-Кудс'') — Израилдеги шаар. Административдик жактан аты окшош аймакты түзөт. [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңизден]] 60 чакырым чыгышта, Жансыз деңизден 30 чакырым батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 743,5 миң (2007); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана унаа жолдор тоому. Аба майданы бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат. Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%) түзөт. Кудус заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана израилдик ири концерндер (анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)), тиричилик электр-техникалары, дары дармек, кездеме, булгаары бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эмерек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полигр., тамак-аш өнөр жай иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн.
 
Алгач б. з. ч. 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, [[Александр Македонский]] державасы, Байыркы Рим, Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-ж. декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920-48-ж. Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын административдик борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча административдик бирдик болууга тийиш эле, бирок 194849-ж-дагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-ж. январда Израил өкмөтү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-ж. июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-ж. Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687-691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11-12-кылымдын чиркөөлөрү, цитадель (14-16-к.), Ыйык Иаков монастыры (12-к.; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-к.; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археологиялык эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кудус" булагынан алынды