Бангладеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Bangladesh (orthographic projection).svg, fix wikidata & categories
No edit summary
14-сап:
| Дакка || 30,5 || 42887,4 || Дакка
|-
| Кхулна || 21,7 || 15755,5 || [[Кхулна]]
|-
| Ражшахи || 34,5 || 32636,4 || Ражшахи
33-сап:
Улуттук парктары:Читтагонг, Мадхурпур. Калкы. Бангладеш калкы өтө жыш отурукташкан өлкө. Калктын жыштыгы боюнча (1 км2те 950 киши) дүйнөдө 1-орунда. 98% бенгалдар, ошондой эле индус, чакма, кхас ж. б. улуттар да жашайт. Ислам (мусулман сүнөттөр 87%), индуизм (12%), буддизм, христиан диндерин тутат. Калкынын табигый өсүүсү өтө жогору, өлүм-житимге (1000 кишиге 8,4 адам) караганда төрөлгөндөрдүн саны (1000 кишиге 30 бала) 3 эседен ашык. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 62,1, аялдарыныкы 62,0 жаш. Шаар калкы 26%. Ири шаарлары: Дакка, Читтагонг, Кхулна, Ражшахи. Тарыхы. Төмөнкү Гангдын аймагына бенгал уруулары болжол менен б. з. ч. 1000-жылдыкта отурукташып, б. з. ч. 7-6-кылымда Ванга мамлекетин түзгөн (мамлекеттин аталышы ушундан келип чыккан: Бангла бенгал, деш өлкө). Б. з. ч. 4-кылымдан б. з. 5-кылымына чейин Бангладештин аймагы байыркы индиялык бир катар империялардын курамына кирген. Бирдиктүү Бенгал мамлекети 8-кылымдан 13-ккылымдын башына чейин өкүм сүргөн.
 
13-кылымдын 1 -жарымынан 18-кылымдын башына чейин Бангладештин аймагы мусулман династияларынын бийлиги астында, анын ичинде 16-кылымдан тарта Улуу Моголдор империясынын курамында болуп келген. Ошол кезден Бенгалияда ислам тарай баштаган. 18-кылымдын башында борбору Дакка болгон Бенгал наместничествосу өзалдынча мамлекет катары өкүм сүргөн. Плессинин алдындагы салгылашуудан кийин (1757) Бенгалияга англичандардьш үстөмдүгү орнотулуп, Британ Индиясынын бир бөлүгүнө айланат. 19-кылымда колониялык эзүүгө каршы улуттук-боштондук күрөш күч алган. Индиянын көзкаранды эместикке жетишүүсүнөн кийин жана аны эки мамлекетке бөлүүдө (1947, Индия жана Пакистан), негизинен индустар жашаган Батыш Бенгалия Индиянын курамында калтырылып, мусулмандар мекендеген Чыгыш Бенгалия (Чыгыш Пакистан провинциясы) Пакистанга (калкынын 98% бенгалдар) өтөт. Чыгыш Пакистандагы чечилбеген улуттук маселелер бир нече ирет (1952, 1954, 1958) саясий кризистерди пайда кылып, 1969-ж. Айюб Хандын режиминин кулашына себепкер болгон. Анын ордуна өкмөт башына келген Яхья Хандын тушунда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо Чыгыш Пакистанга автономия берүү маселесин көтөргөн Элдик Лига партиясы жеңип чыгып, Пакистандын парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган талаш-тартыштын натыйжасында 1971-ж. өз алдынча Бангладеш Эл Республикасы түзүлгөн. 1971-ж. 26-март көзкаранды эместик күнү деп жарыяланган. 1972-ж. январда Элдик Лига партиясынын башчысы Мужибур Рахман түрмөдөн чыгып, жаңы түзүлгөн өкмөттү жетектеген. Өлкөдөгү жумушсуздук, баанын өсүшү, куралдуу күчтөрдүн катарындагы нааразычылыктар саясий-экономика абалды татаалдаштырып, бир нече ирет аскердик төңкөрүштөргө алып келген (көзкаранды эместикке жетишкенден тартып Бангладеште 13 президент алмашкан). 1996-жылдан аткаруу бийлигин коалициялык өкмөт жетектөөдө, ал эми октябрдагы шайлоодо Шахабуддин Ахмед жеңип чыккан. Чарбасы. Бангладеш дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Ички дүң продукциясынын көлөмү 275,7 млрд доллар (АКШ; киши башына 2000 долларга жакын). Анда 51,7% ти тейлөө чөйрөсү, 27,1%ти өнөржайы, 21,2%ти айыл чарба түзөт. 20-кылымдын аягында 21-ккылымдын башында экономикасы туруктуу болуп тез темп менен өнүгө баштады. 2004-ж. өнөржай өндүрүшүнүн өсүшү 6,5% ти түзгөн. Бенгал булуңунун шельфинде, ошондой эле чыгыш райондорунда жаратылыш газы (9,9 млрд м3, 2001) жана нефть (жылына 200 миң г) казылып алынат. 2002-ж. 16,5 млрд кВтп-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тен ашыгы ЖЭСтен (эң ири ЖЭС СССРдин жардамы менен Горасалда курулган) өндүрүлгөн. Карнапхули дарыясында ГЭС каскады бар. Эң ири текстиль өндүрүшү (кебез-кездеме жиби жана мата) бар. 100 дөн ашык ири фабрика импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Өндүрүлгөн матанын бир бөлүгү сыртка чыгарылат. Кебез-кездеменин көпчүлүк бөлүгү кол менен токулат (млн дон ашык адам эмгектенет). Сыртка чыгарылган товар түшкөн кирешенин 3/4 бөлүгүн түзөт. Кийим-кечек, трикотаж чыгаруучу ири компаниялар иштейт. Бангладеш жут өндүрүү жана андан буюм жасоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда (Индия менен катар). Жылына 80 миң т жут жиби (дүйнөлүк экспорттун 70%) сыртка чыгарылат. Тамак-аш (чай, жылына 54 миң г; кант 123-170 миң г; өсүмдүк майы), хим. (мочевина жылына 2,3 млн т, жерсемирткич, пестицид), нефть ажыраТУУ (Читтагонг, жылына 1,5 млн г), металлургия, электр-техника, фармацевтика, резина-техника өнөржайлары; кеме ремонттоочу док, кеме кыймылдаткычын чыгаруучу, автомобиль чогултуучу, цемент заводдору, кагаз комбинаты, курулуш иидустриясы иштейт. Башкы өнөржай борборлору: Дакка (Нараянганж шаары менен), Читтагонг, [[Кхулна]]. Колөнөрчүлүк (булгаары, карапа ж. б.) өнүккөн. Өлкөнүн аймагынын 60% тен ашыгы айыл чарбасында иштетилет. Майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо аянтынын 70% ке жакынын шалы (жылына 2-3 жолу түшүм алынат) ээлейт. 2004-ж. 37,9 млн т шалы (акталбаган) даярдалган. Ошондой эле жүгөрү, арпа, буудай, буурчак (жылына 500 миң г; нут, маш ж. б.), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5 млн г; кычы, pane, кунжут, жержаңгак), картошка (4 млн т га жакын) айдалат. Банан (700 миң гга жакын), тропик жемиштери, татымалдар (300 миң т дан ашык), жашылча (1,5 млн г), балкамыш (7-7,5 млн т жашыл масса), пахта (14-16 миң г) өстүрүлөт. Бангладеш чай өндүрүү боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Чай плантациялары негизинен чет элдик компаниянын (Улуу Бритаиия) көзөмөлүндө. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес. Бодо мал негизинен унаа катары пайдаланылат. Эт, сүт жана булгаарыны эчкиден алат. Балык (350 миң т дан ашык, бир азы экспорттолот), креветка (тоң дурулуп экспорттолот) кармалат. Негизги транспорту болгон ички суу жолунун уз. 8,4 миң км (2004). Башкы дарыя порттору: Дакка, Нараянганж, Чаидпур, Барисал, [[Кхулна]]. Темир жолунун узундугу 2,7 миң км (2004; анын ичинде 1,8 миң км кууш колеялуу), автомобиль жолунуку 207,5 миң км (1999; а. и. 19,8 миң км асфальтталган). Жаанчыл мезгилде жолдорунан машина өтүүгө мүмкүн эмес. Газ куурунун узундугу 2012 км (2004). Ири деңиз порттору: Читтагонг (жылына 15 млн т жүк ташылат) жана Мунгла (5 млн т га жакын). Дакка шаарында эларалык аэропорт, «БИМАН» авиакомпаниясы иштейт. Сыртка тигилүү кийим, жут жана андан жасалган буюмдарды, булгаары, балык, деңиз продуктулары, чай, минералдык жерсемирткичтер, жемиштер чыгарылат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, химикаттарды, кара металл, текстиль буюмдарын, азык-түлүк, нефть, нефть продуктуларын, цемент, пахта алат. Негизги соода шериктери: Индия, КЭР, Сингапур, Япония, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция.
 
==Маданияты==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бангладеш" булагынан алынды