Жер титирөө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м
No edit summary
9-сап:
Ал жер бетиндеги термелүүнүн даражасын көрсөтөт. Жер титирөөлөрдү каттап туруучу дайыма жана убактылуу иштөөчу [[сейсмология]]лык станциялар пайдаланылат. Жер шарында 600, ал эми КМШда 100дөн ашык (анын 11и [[Кыргызстан]]да) сейсмологиялык станция бар. Станциялардын көп жылдык байкоолорунун негизинде ири аймактарда Жер титирөөчү райондор аныкталат.
 
Жер титирөө жер шарынын айрым бөлүктөрүндө болуп, белгилүү бир [[геология]]лык түзүлүштөргө байланышкан. Жер титирөө тоолуу, негизинен жаңы тоо тармактарынан түзүлгөн аймактарда болот, платформаларда дээрлик болбойт. [[КМШ]] өлкөлөрүндө Жер титирөө болуучу райондор: Закавказье, [[Орто Азия]], [[Казакстан]], [[Байкал]] айланасы, Курил, Сахалин аралдары, [[Камчатка]], [[Тянь-Шань]] менен Памир тоолору активдүү областтарга кирет. жер шаарында 6 плиталар бар. Алар бири-бири менен кагылышканда жер титирөө пайда болот.
 
Жер титирөөлөрдү сейсмология илими изилдейт. Жер титирөө эл чарбасына жана адамзатка чоң зыян келтиргендиктен, ага каршы чара көрүүнүн жана анын болушун күн мурунтан билүүнүн мааниси зор.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жер_титирөө" булагынан алынды