Александр II: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Александр II''' - (17. 4. 1818, Москва - 1. 3. 1881, Санкт-Петербург) - [[Россия|Россиянын]] императору (1855-ж. февралдан). Николай Інин тун уулу. 1861-ж. крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө Манифест жарыялап, анын натыйжасында миллиондогон дыйкандар бошотулган. Мамлекетти башкарууда бир катар реформаларды (сот, [[цензура]], шаар, земство, аскер ишине өзгөртүүлөр киргизүү ж. б.) жүргүзгөн. Өлкөдө темир жол куруу ж.б. өнөр жайлары өнүккөн, флот, армия чыңдалган. 1863-64-ж. Польшадагы көтөрүлүштү баскан соң, Александр II революционерлерге, либералдык жана земстволук кыймылдын катышуучуларына каршы чаралар көрүп, бир нече жолу революционер-народниктердин үстүнөн ири саясий сот процесстерин уюштурган. 1870-жылдын аяк ченинен өкмөт тарабынан көп учурларда өлүм жазасына тартуу күч алган. Александр ІІнин доорунда Россияга Кавказ жерлери (1864), Казакстан (1865), Орто Азиянын айрым (1865-81) аймактары каратып алынган. 1865-ж. Россия империясы Ташкенди басып алган соң, Түркстан облусу (1868-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугу) негизделген жана жергиликтүү элдерге карата колониячыл саясатын уланткан. 1877-ж. Россия Балкандагы таасирин бекемдөө ж-а славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылына жардам берүү максатында Түркия менен согуш баштаган. Александр II бир нече жолку өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулардан кийин (1866, 1867, 1879, 1880), 1881-ж. 1-мартта Петербургда «Народная воля» уюмунун өкүлү таштаган бомбадан каза тапкан.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967-14-046-1
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:{{Орусия падышачылыгы]]императорлору}}
[[Категория:Орусия Императорлору]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Александр_II" булагынан алынды