Difference between revisions of "Кыргызстандагы жаан-чачындар"

м
no edit summary
м

'''Кыргызстандагы жаан-чачындар''' — [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] аймагында [[Жаан-чачын|жаан-чачындын]] өлчөмүнүн мааниси ар кайсы жерлерде ар башка. Бир жерде жаан-чачындын жылдык саны 1000—1500 мм болсо, экинчи жеринде 100—150 мм. Жалпысынан Кыргызстандын аймагы тегерегиндеги түздүктөргө караганда бийик жайгашкандыктан мында жаан-чачындын саны да көбүрөөк. Жаан-чачын өзгөчө чет жактарындагы батыштан, түндүк-батыштан келген нымдуу аба массаларынын жолунда жайгашкан кырка тоолордун батыш, түштүк-батыш жана түндүк-батыш капталдарында. Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачындын жылдык саны 1000 мм ден ашат (Ак-Терек-Гава —1090 мм, Демидовка—1084 мм, Чаар-Таш—1057 мм жана башка). Кыргыз Ала-Тоосунун кырына жакын да жаан-чачындын саны бир кыйла (Төө-Ашуу— 1003 мм) жогору. Жаан-чачын көп жааган райондорго Чаткал кырка тоосунун түндүк-батыш капталы (1000 мм ден жогору), Кемин өрөөнүнүн төрү жана Ысык-Көлдүн чыгыш жагы (900 мм), Сары-Жаздын чыгыш бөлүгү (700—800 мм) кирет. Жаан-чачын азыраак жааган өрөөндөргө Чүй жана Талас (250 мм ден 500 мм ге чейин) өрөөндөрү, Оштун түздүктөрү жана жапыз тоолору (300 мм ден 700 мм ге чейин) кирет. Ички Тянь-Шандын, Борбордук Тянь-Шандын ички өрөөндөрүндө да жаан-чачындын саны аз (200—300 мм). Жаан-чачын эң эле аз жааган жер Ысык-Көлдүн батыш жээги (Балыкчыда 100—140 мм). Фергана өрөөнүнүн түштүк жактарында да жаан-чачын аз жааган жерлер бар (Баткен—156 мм).

'''Кыргызстандагы жаан-чачындар.'''

[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] аймагында [[Жаан-чачын|жаан-чачындын]] өлчөмүнүн мааниси ар кайсы жерлерде ар башка. Бир жерде жаан-чачындын жылдык саны 1000—1500 мм болсо, экинчи жеринде 100—150 мм. Жалпысынан Кыргызстандын аймагы тегерегиндеги түздүктөргө караганда бийик жайгашкандыктан мында жаан-чачындын саны да көбүрөөк. Жаан-чачын өзгөчө чет жактарындагы батыштан, түндүк-батыштан келген нымдуу аба массаларынын жолунда жайгашкан кырка тоолордун батыш, түштүк-батыш жана түндүк-батыш капталдарында. Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачындын жылдык саны 1000 мм ден ашат (Ак-Терек-Гава —1090 мм, Демидовка—1084 мм, Чаар-Таш—1057 мм жана башка). Кыргыз Ала-Тоосунун кырына жакын да жаан-чачындын саны бир кыйла (Төө-Ашуу— 1003 мм) жогору. Жаан-чачын көп жааган райондорго Чаткал кырка тоосунун түндүк-батыш капталы (1000 мм ден жогору), Кемин өрөөнүнүн төрү жана Ысык-Көлдүн чыгыш жагы (900 мм), Сары-Жаздын чыгыш бөлүгү (700—800 мм) кирет. Жаан-чачын азыраак жааган өрөөндөргө Чүй жана Талас (250 мм ден 500 мм ге чейин) өрөөндөрү, Оштун түздүктөрү жана жапыз тоолору (300 мм ден 700 мм ге чейин) кирет. Ички Тянь-Шандын, Борбордук Тянь-Шандын ички өрөөндөрүндө да жаан-чачындын саны аз (200—300 мм). Жаан-чачын эң эле аз жааган жер Ысык-Көлдүн батыш жээги (Балыкчыда 100—140 мм). Фергана өрөөнүнүн түштүк жактарында да жаан-чачын аз жааган жерлер бар (Баткен—156 мм).

Жаан-чачындын жыл мезгилдери боюнча бөлүнүшү да ар түрдүү. Алардын көбүрөөк жааган мезгили жаз айларына (март, апрель) жана кеч күзгө (октябрь, ноябрь) туура келет. Бийик тоолордо болсо конвективдик процесстердин таасири астында июнь — июль айларында жаан-чачын мол жаайт.

Жаан-чачындын жылдык нормасы бир эле жерде жылдан-жылга кескин өзгөрүп турат, анткени атмосфералык процесстердин кайталанышы жана алардын интенсивдүүлүгү жылына эле бирдей кайталана бербейт. Мисалы, Бишкекте жаан-чачындын көп жылдык нормасы 400 мм, ал кээ бир жылдарда 150 мм ге чейин түшүп, кээде 600—650 мм ге чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында жылдык жаан-чачындын термелиши 370 мм ден 930 мм ге чейин өзгөрүп турат (нормасы 729 мм). Эң эле чоң айырмалар Түштүк Кыргызстанда 110 мм ден 580 мм ге чейин (нормасы 360 мм ГМС Ош). Нарында 124 мм ден 476 мм ге чейин өзгөрөт (нормасы 269 мм).

Жаан-чачындын үзгүлтүксүз жааган мөөнөтү 2—4 сааттан 10— 12 саатка чейин созулушу мүмкүн. Кээде бир күндүк жамгыр жаан-чачындын жылдык санынын 10—15% ин бериши ыктымал. Мындай нөшөрлөгөн жаандардын басымдуу көпчүлүгү Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарында байкалат. Мында жааган бир күндүк жаандын катмары 90 мм ге жеткен учур байкалган. Нөшөрлөгөн кара жамгыр кээде сел агымдарына алып келиши мүмкүн. Сел кубулуштары Кыргызстандын көп жерлерине, өзгөчө Фергана өрөөнүнүн бөксө тоолоруна мүнөздүү.

[[Category:Кыргызстан]]
Жаан-чачындын үзгүлтүксүз жааган мөөнөтү 2—4 сааттан 10— 12 саатка чейин созулушу мүмкүн. Кээде бир күндүк жамгыр жаан-чачындын жылдык санынын 10—15% ин бериши ыктымал. Мындай нөшөрлөгөн жаандардын басымдуу көпчүлүгү Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталдарында байкалат. Мында жааган бир күндүк жаандын катмары 90 мм ге жеткен учур байкалган. Нөшөрлөгөн кара жамгыр кээде сел агымдарына алып келиши мүмкүн. Сел кубулуштары Кыргызстандын көп жерлерине, өзгөчө Фергана өрөөнүнүн бөксө тоолоруна мүнөздүү.

[[Category:Азия]]

[[Category:География]]
[[Категория:Кыргызстандын географиясы‎]]
[[Категория:Метеорология‎]]
25,680

edits