Нарын дарыясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м direct link
+links
43-сап:
[[Куланак, Нарын району|Куланак кыштагына]] жакын Нарын бир нече салаага бөлүнүп, майда аралдарды пайда кылат. Аралдар жана дарыя жээктери майда токой менен капталган. Бул бөлүгүндө Нарынга Ат-Башы жана Алабуга суулары кошулат. Алабуганын чатынан батышты карай 50 км аралыкта Молдотоо менен Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоолорун бөлүп туруучу кууш ( нугунун туурасы 40 – 50 м) капчыгай аркылуу агып, Тогузторо ойдуңуна чыгат. Өрөөндүн борбордубөлүгүн дө жумуру шагыл таштуу аралдар жана кумдуу сайроондор менен бөлүнгөн бирнече салаа бар. Тогузторо деп рессиясынын батыш бөлүгүндө Нарынга Көкирим (сол куймасы) суусу кошулуп , Молдотоо менен Көкирим тоосун бөлүп жаткан кууш кап чыгай (уз. 4 0 км) менен түндүктү карай агат. Капчыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы Көкөмеренге кошулуп , батышты карай чулу тоотектерден түзүлгөн тектир-челүү кууш өрөөн менен жайылып (туурасы 100–150 мге чейин ) агат. Батышты карай өрөөн улам кеңейип, Кетментөбө өрөөнүнө чыгат. Мында Нарынга Чычкан жана Узун акмат суулары кошулат. Нарын [[КетменТобо деп эмне учун аталып калган?|Кетментөбө]] өрөөнүнөн кийин түштүк-батышты карай 100 км аралыкта Атойнок жана Фергана тоолорун бөлүп антецеденттик өрөөн менен агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп , өрөөнү кеңейип , Нарынга Карасуу(оң ) кошулат. Фергана өрөөнүнө чыкканда Карадарыя менен кошулуп , Сырдарыяны түзөт.
 
Нарындын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 болгон 2074 мөңгү бар. Көбү (70 %ке жакыны) Акшыйрак, Тескей Ала-Тоо, [[Жетим кырка тоосу|Жетим]], Борколдой ж. б. кырка тоолордо жайгашкан. Ири мөңгүлөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түндүк Карасай (49,0 км2) ж. б. Нарындын узундугу 10 кмден ашык 330 жана андан чакан 500 куймасы бар. Ири куймалары: [[Кичи-Нарын|Кичи Нарын]], [[Он-Арча каналы|Онарча]], Кажырты, [[Көкөмерен]], Чычкан, Узун акмат, Кара суу (оң), [[Ат-Башы району|Ат-Башы]], Алабуга, Алабуга (сол)ж. б. Нарын негизинен кар-мөңгү жана булак, ортоңку жана төмөнкү агымдарында кар жана булак сууларынан куралат. Апрелде кирип , сентябрда тартыла баштайт. Башталышындагы бир аз бөлүгү кышында тоңот; кышкысын Нарындын көп бөлүгүнө шыргалаң жана жээк муздары мүн өздүү. Жылдык орточо чыгымы Нарын шаарына жакын 88,4 м3/сек, эң көбү 232 м3/сек (июль), эң азы 25,2 м3 /сек (январь), Фергана өрөөнүндө (Үч коргон ш. тушта) орт. чыгымы 432 м3/сек, эң көп чыгымы 963 м3/сек (июнь), эң азы 161 м3/сек (февраль). Сугатка (негизинен [[Фергана өрөөнү|Фергана өрөөнүндө]]) кең ири пайдаланылат. Нарындан Чоң Фергана каналы башталат. Нарын гидроэнергетика [[ресурстар]]ына өтө бай; энергиясынын кубаттуулугу боюча КМШде 7 -, потенциялдык ресурсу боюнча Волгадан кийинки 2 -орун да ; жалпы кубаттуулугу 6956,3 миң кВт. Генплан боюнчача Нарындын алабына 22 гидроэлектр станция курулмакчы. Нарында Атбашы, [[Токтогул ГЭСи|Токтогул]], [[Үч-Коргон,ГЭС|Үч коргон ]], [[Күрпсай ГЭCи|Күрпсай]], [[Ташкөмүр ГЭСи|Ташкөмүр]], [[Шамалдысай ГЭСи|Шамалдысай ГЭСтери]] иштейт; Камбарата ГЭСи курулууда (2004). Боюнан Нарын, Ташкөмүр, Каракөл, Үчкоргон ш., [[Достук айылы|Достук]], [[Токтогул району|Токтогул]] шаарчалары, Казарман жана башка кыштагы орун алган.
 
== Ири мөңгүлөрү ==