'''КөкдөбөКөк-Дөбө тоосу''' – [[Тескей Ала-Тоо|Тескей Ала-Тоонун]] түндүк тармагы. Түргөнаксуу жана Бозучук сууларынын аралыгында түштүктөн түндүктү карай 21–23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр аз кездешет; капталдары тик, майда коктуколоттуу. Орточо бийиктиги 3300–3800 м, эң бийик жери 4036 м. [[Палеозой заманы|Палеозойдун]] башталышында пайда болгон [[гранит]], гранитдиорит, [[диорит]] интрузия тектеринен турат.
Шалбаалуу талаа (2200–2300 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (2300–3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000–3600 м), андан жогору субнивалдык суук чөл жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; [[токой]] чарбалары бар.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2 <br>