Лиман: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ Файл:Limans black sea coast.jpeg
 
1-сап:
[[Файл:Limans black sea coast.jpeg|thumb|Лимандар ([[Кара деңиз]]).]]
'''Лиман''' ([[Грек тили|гр.]] limen – гавань, бухта) – 1) жээктери жапыз, ийри-буйру узун булуң. Түздүктөгү дарыялардын чатын же жээктердеги оёң жерлерди деңиз суусу жайпап калышынан пайда болот. Лимандар деңизди карай ачык (мисалы, колтуктан) жана жабык (деңизден саяң аркылуу бөлүнүп турган) болот. Адатта, лиманга майда кумдук, алеврит жана ылай, кээде күйүүчү сланец, [[көмүр]], [[нефть]] пайда кылуучу органикалык заттар топтолот. Материктен тузсуз суу аз куюп, аймактын климаты кургакчыл болгондуктан, лиманды шор басып, туз аралаш тунма баткак пайда болот; баткак дарылык касиетке ээ. Лиман көбүнчө [[Кара деңиз|Кара деңизге]] мүнөздүү. Ысык климаттык шартта боксит пайда кылуучу алюминий менен темирдин кычкылы топтолот; 2) КМШнын европалык бөлүгүнүн кургакчыл түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү оёң жерлердин жергиликтүү аталышы. Оёң жерлерге жазгысын суу толуп, тайыз көлдөр пайда болот; алар жайында соолуп, сазга же шалбаага айланат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
 
[[Категория:География]]
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лиман" булагынан алынды