Мерв: нускалардын айырмасы

218 байт кошулду ,  5 жыл мурун
+ links
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+img
+ links
 
1-сап:
[[File:17 Старый Мерв (конец XIX в.).jpg|rightthumb|450 pxМерв.]]
'''Мерв''' (фарсыча ﻣﺮو, Марв, кытайча 木鹿 , Mulu) – [[Орто Азия|Орто Азиядагы]] байыркы шаарлардын бири. Мургаб дарыясынын жээгинде ([[Түркмөнстан|Түркмөнстандагы]] азыркы Байрам-Али шаарына жакын) жайгашкан. Мургаб (байыркы фарсча – Мургаш, Грецримче – Маргиана) дарыясынын боюндагы тарыхый аймак да «Мерв» аталган.

12-кылымда дүйнөдөгү алгачкы чоң шаар болгон деген пикир бар (1145– 53-жылы шаарда 200 миңден ашык адам жашаганы аныкталган). Мервдин урандылары 19-кылымдын 80-жылдарынан изилдене баштаган. Археологиялык казуу убагында ар кайсы доордо курулган бир нече шаарча табылган. Анын эң байыркы бөлүгү – Эрк-Кала шаарчасы Ахемениддердин дооруна (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын орто чени) таандык, аны курчап турган Гяур-Кала эллиндердин тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягы) курула баштап, Сасаниддерге (биздин замандын 3– 7-кылымы) чейин салынган. Эң чоңу Султан-Кала (Soltangala) негизинен арабдардын (8–10-кылым) жана селжуктардын тушунда (11-кылым) курулган. Ал эми Тимуриддердин тушунда курулган шаарча Абдуллахан-Кала (Abdyllahangala) деп аталган. Эрк-Кала (Erkgala) жазма маалыматтарда алгач «Авестанын» түшүндүрмөсүндө жана Бехистун жазмасында эскерилет. [[Александр Македонский]] караткандан кийин бир аз убакыт «Александрия» деп аталып, Селевкиддердин тушунда Маргиана аймагы, кийин Парфия, анан Сасаниддердин мамлекеттеринин башкы шаары, Омейяддар жана Аббасиддер династияларынын учурунда Хорасан провинциясынын борбору, халиф ал-Момун убактылуу жашап турганда 813– 818-жылдары мусулмандардын дүйнөлүк борбору болуп калган. 1037-жылы селжуктардын колуна өтүп, Алп Арслан жана анын тукуму Санжар султандын сөөгү Мервге коюлган. 13-кылымда Хорезм шахына баш ийген, андан кийин моңголдор басып алган (1221). 1510–24 жана 1601–1747-жылдары Персиянын карамагында, 19-кылымда урандыга айланган. Мервде Санжар султанга жана Мухаммед ибн Зейдге мавзолей (экөө тең 12-кылым) салынган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
 
[[Категория:Шаарлар]]
== Дагы караңыз ==
* [[Мары шаары]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:Шаарлар]]
[[Категория:Түркмөнстан]]
[[Категория:Орто Азия тарыхы‎]]
25 685

түзөтүү