Тигр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
map Tigr-euph.png, categories
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Tigr-euph.png|thumb|[[Евфрат дарыясы|Евфрат]] жана Тигр.]]
[[Файл:Tigrisdiyarbakir.jpg|thumb|Тигр.]]
'''Тигр''' (байыркы фарсы тилинде tigra – [[жебе]]) – [[Түркия]], [[Сирия]] жана [[Ирак|Ирактын]] аймагындагы дарыя. Узундугу 1850 км, алабынын аянты 375 миң км<sup>2</sup>. Армян тайпак тоосунан башталып, ортонку жана төмөнкү агымында Жезире платосун жана [[Месопотамия]] ойдуңу|Месопотамия ойдуңун]] кесип өтөт. Эль-Курна шаары тушта [[Евфрат дарыясы]] менен кошулуп, Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Ал Перс булуңуна барып куят. Башкы куймалары – Чоң жана Кичи Заб, Дияла, Керхе (сол). Орточо чыгымы Багдад шаары тушта 1240 ж<sup>3</sup>/секдай, андан төмөн суусу азаят; еуусу жазында кирет. Агымы плотиналар менен жөнгө салынган. Жээгинде сугат оазис тилкелери бар. Багдадга чейин дайыма, суу киргенде Мосул шаары чейин кеме жүрөт. Боюнда [[Диярбакыр]] (Түркия), [[Мосул]], [[Багдад]], [[Басра]], Кут-эль-Амара, Амара, Эль-Курна (Ирак) шаарлары жайгашкан. Тигр менен Евфраттын аралыгы байыркы цивилизациялардын ([[Ассирия]], [[Шумер]], [[Вавилония]]) очогу болгон, Тигрдин боюнда б. з. ч. Ниневия, [[Ктесифон]], Опис, Селевкия, Амида ж. б. гүлдөгөн шаарлар болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тигр" булагынан алынды