Кан айлануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Circulatory System no tags.svg|thumb]]
[[Файл:Circulatory system SMIL-ru.svg|thumb|200px|right|Айлануу жандандыруу]]
[[Файл:Vein art near.png|thumb]]
'''Кан айлануу''' — жүрөк-кан тамыр системасы аркылуу кандын жүрүшү. Кан айлануунун жардамы менен организмдин ички чөйрөсүндөгү зат алмашуу, жылуулукту жөнгө салуу, ткандарга керектүү заттарды жеткирүү, [[зат алмашуу]]дан чыккан организмге керексиз заттарды бөлүп чыгаруу ишке ашат жана анын негизинде кандын транспорттук (ташыгыч) кызматы аткарылат. Байыркы грек окумуштуусу [[Гален]] кан жүрөктүн оң жагы менен [[вена]]ларда кочкул, сол жагында жана [[артерия]]ларда — ачык кызыл түстө болот деп байкоо жүргүзгөн. 1628-ж. англиялык врач [[У. Гарвей]] айбандарга тажрыйба жүргүзүп, кан жүрөк жана кан тамырлар түзгөн туюк тегерек менен тынымсыз жүрүп турарын, Кан айлануунун негизги закондорун аныктаган. Бирок кан артериядан венага кантип өтөрүн ал түшүнгөн эмес. Бул эки кан тамырды байланыштырып турган [[капилляр]]лар экенин М. Мальпиги 1661-ж. ачкан.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кан_айлануу" булагынан алынды