Жүз жылдык согуш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Hundred years war collage.jpg
м + link
1-сап:
[[Файл:Hundred years war collage.jpg|thumb|Жүз жылдык согуш.]]
'''Жүз жылдык согуш''' (1337-1453) - [[Англия]] менен [[Франция|Франциянын]] ортосундагы [[согуш]]. Жүз жылдык согуштун башкы себеби: Англия (12-кылымдын орто чени) басып алган Франция жерлери жана бай Фландрия үчүн болгон күрөш. Согуштун 1-мезгилинде (1337-60) англиялыктар деңизде Слейсенин (1340), кургакта Кресинин (1346), Пуатьенин (1356) жанында жеңишке жетишип, Франциянын көп жерин басып алган. Франциянын абалы оордоп, экономикасынын начарлашы элдин кыжырлануусун күчөткөн да, Париж көтөрүлүшүнүн (1357-58) жана дыйкандар согушунун (к. [[Жакерия]]) чыгышына алып келген. Француз өкмөтү 1360-жылы Бретанда түзүлгөн келишимдиноор шарттарын аргасыз кабыл алган. Англия басып алган аймактарда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. 14-кылымдын 70-жылдарында француздар англиялыктарды дээрлик бүт кууп чыккан, бирок бул ийгилик феодалдардын ич ара талаш-тартышынын кесепетинен андан ары бекемделген эмес. 15-кылымдын башында англиялыктар согушту кайра баштап, Азенкурдагы (1415-жылы 25октябрь) жеңиштен кийин Түндүк Франция менен Парижди ээлеген. Ошондо англиялык баскынчыларына каршы бүт француз эли көтөрүлгөн. 1429-жылы [[Жанна д'Арк|Жанна д’Арк]] баштаган француздар англиялыктарды кыйратып, Орлеанды курчоодон куткарган. 1436-жылы англиялыктар Парижден куулуп чыгарылып, Шампань (1441), Мен жана [[Нормандия]] (1450), Гиень (1453) жана башка шаарлар бошотулган. Жүз жылдык согуш Бордодо (19. 10. 1453) англиялыктардын жеңилиши менен аяктап, борборлошкон Франция мамлекетин түзүүдө маанилүү этап болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==