'''Орус''' — [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосундагы]] [[этноним|этноним.]] Эпосто Көкөтөйдүн ашында чакырылган эл катары эскерилет: «Орус да бар, немис бар, Ойроттун баары тегиз бар» ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков,]] 3. 147). [[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаковдун]] вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда [[Манас баатыр|Манас]] орус элинин эпосторунун башкы каарманы Айламор (Илья Муромец) менен согушуп, аны жеңгени айтылат, к'' [[Айламор|Айламор.]] ''[[Радлов, Василий Васильевич|В. В. Радлов]] жазып алган вариантта да [[Манас баатыр|Манастын]] О. эли жана анын падышасы «Ак падыша» (Николай) менен сый мамилеси көрсөтүлөт.
* [[Орустар]]
==Колдонулган адабияттар==
*[["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4