'''Тоң''' — [["Манас" эпосу|"Манас" эпосундагы]] [[топоним]]. [["Манас" эпосу|"Манас" эпосунда]] кыргыздар мекендеген жерлердин бири. [[Манас баатыр|Манас]] туулганга чейин кыргыздар Ала-Тоодон сүрүлгөндө аны калмактын Алтаң, Култаң доотайлары ээлеп калат ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 2. 73). Кийин [[Манас баатыр|Манас]] баштаган кыргыз колу душмандан бошотот. Географиялык реалияда Т. Ысык-Көлдүн тескейинин батыш бөлүгүндөгү тоолуу аймак, ашуу, өрөөн, суу.
==Колдонулган адабияттар==
* [["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4