'''Тоң''' — [["Манас" эпосу|"Манас" эпосундагы]] [[топоним]]. "Манас" эпосунда кыргыздар мекендеген жерлердин бири. [[Манас баатыр|Манас]] туулганга чейин кыргыздар Ала-Тоодон сүрүлгөндө аны калмактын Алтаң, Култаң доотайлары ээлеп калат ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 2. 73). Кийин [[Манас баатыр|Манас]] баштаган кыргыз колу душмандан бошотот. Географиялык реалияда Т. Ысык-Көлдүн тескейинин батыш бөлүгүндөгү тоолуу аймак, ашуу, өрөөн, суу.