Асфальт-бетон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ Asphalt base.jpg
1-сап:
[[Файл:Asphalt base.jpg|thumb|Асфальт-бетон.]]
'''Асфальт-бетон''' - [[шагыл]], [[кум]], минерал күкүмүнүн (майдаланган акиташ, доломит жана башка) битум менен болгон аралашмасынан алынган курулуш текзаты (материалы); аралашмага шагыл кошулбаса, [[асфальт]] эритмеси деп аталат. Ал даярдалышына жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ысык (120°Сден жогору), жылуу (50-100°С), муздак (5°Сден кем эмес) болуп бөлүнөт. Бул түрү сактоочу жайда 8-10 ай сакталат. Асфальт-бетонго суу жукпайт жана өтпөйт. -15°Сде анын бышыктык чеги 15-20 МПа, 20°Сде 2-3 МПа, 50°Сде 0,8-1,2 МПады түзөт. [[Климат|Климаттын]] өзгөрүшүнөн жана эксплуатациялоо факторлорунан асфальт-бетон эскирип, коңторулууга дуушарланат. Азыркы технология боюнча рециклер машинасы аны регенерациялайт, башкача айтканда коңторулгандарын экинчи ирет кайра иштетет. [[Автомобиль жолу]], жан жол, аэродром жана көпүрөлөргө, өнөр жай имараттарынын таманына төшөлөт. Битумдун илээшкектигине (жакшы, начар, суюк) жана төшөлүү учурундагы температурасына карай ысык (120°С), жылуу (40-80°С), муздак (10°), кошула турган техзаттын кесектиги боюнча кесек, орто жана майда дандуу, ошондой эле кумдуу асфальт-бетон болуп ажыратылат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967-14-046-1
 
[[Категория:Курулуш материалдары]]