Бутан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Flag of Bhutan.svg
1-сап:
[[Файл:Bhutan in its region.svg|thumb|Бутан.]]
'''Бутан''', Бутан Королдугу (дзонг-к тилинде Друк-Юл, сөзмө-сөз Ажыдаар өлкөсү) – Түштүк [[Азия|Азиядагы]] мамлекет, Чыгыш Гималайда жайгашкан. Чыгышынан жана түштүгүнөн Индия, түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Кытай менен чектешет. Аянты 46,65 миң км<sup>2</sup>. Калкы 779,4 миң (2005). Борбору Тхимпху шаары Расмий тили дзонг-кэ (бхотия) тили. Акча бирдиги нгултрум. Администрациялык-аймактык жактан 20 провинцияга (дзонг) бөлүнөт.<br />
[[Файл:Flag of Bhutan.svg|thumb|Бутан.]]
[[Файл:Emblem of Bhutan.svg|thumb|Бутан.]]
'''Бутан''', Бутан Королдугу (дзонг-к тилинде Друк-Юл, сөзмө-сөз Ажыдаар өлкөсү) – Түштүк [[Азия|Азиядагы]] мамлекет, Чыгыш Гималайда жайгашкан. Чыгышынан жана түштүгүнөн Индия, түндүгүнөн жана Түндүк-батышынан Кытай менен чектешет. Аянты 46,65 миң км<sup>2</sup>. Калкы 779,4 миң (2005). Борбору [[Тхимпху]] шаары Расмий тили дзонг-кэ (бхотия) тили. Акча бирдиги нгултрум. Администрациялык-аймактык жактан 20 провинцияга (дзонг) бөлүнөт.<br />
 
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005):
Line 285 ⟶ 288:
 
Бутан Буунун (1971), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу ассоциациясынын (1985; СААРК), Эл аралык валюта фондунун (1981), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу катары) мүчөсү.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Бутан – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы чектелген монархия. Мамлекет башчысы король. Аткаруу бийлигин король жана Министрлер Кеңеши ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы Улуттук чогулуш (Ц онгду).
 
==Табияты==
Бутан – тоолуу өлкө. Түштүк чегарасын бойлой тоолуу аллювий түздүгү, түштүк жагын адырлуу Бөксө тоо, борбордук бөлүгүндө Бийиктиги. 4840 мге жеткен Кичи Гималай, түндүгүндө Чоң Гималай (эң бийик чокусу 7554 м болгон Кула-Кангри тоосу) жатат. [[Темир]], [[коргошун]], [[жез]], [[таш көмүр]], слюда, мрамор казылып алынат. Климаты муссондук, түштүк жагы ысык жана нымдуу (жылына 2000–5000 мм жаан жаайт, айлык орточо температурасы кышында –4°тан 16°Сге чейин, жайында 30–36°С), тоо аралык өрөөндөрдө жумшак, мелүүн-нымдуу (жылына 1000–1500 мм жаан жаайт). Брахмапутра дарыясынын куймалары Манас, Санкош, Ванг-Чу, Нгамо. Түндүгүндө көптөгөн мөңгүлүү көлдөр бар. Аймагынын 65%ин токой ээлейт. Жалпы аянты 12,4 миң км<sup>2</sup> (2005) коргоого алынган аймагы бар; анын ичинде Торса коругу, Жигме-Сингай-Вангчук, Жигме-Доржи улуттук парктары уюштурулган.
 
==Калкы==
[[Файл:Thimphu from the south 080907.JPG|thumb|[[Тхимпху]].]]
Негизги калкы бхотия же бутандыктар. Орточо жашынын узактыгы, аялдарыныкы – 54,1, эркектериники– 54,7. Калкынын орточо жыштыгы 1км<sup>2</sup> жерге 16,7 киши. Шаар калкы – 21%. Ири шаарлары: [[Тхимпху]], Пхунчхалинг.
 
==Тарыхы==
Бутандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы толук изилденген эмес. 6-7-кылымда Бутандын аймагы азыркы Индиянын Ассам штатын камтыган Брахмапутра өрөөнүндөгү Камарупа мамлекетинин курамында болгон деген маалыматтар кездешет. Камарупа кыйрагандан кийин Бутанга бир нече ирет тибеттиктер басып кирип, алардын айрым бөлүктөрү жергиликтүү элдер менен чогуу отурукташып калган. Тибеттиктер Бутанда өз маданияты менен ламаизмди карманган. 17-кылымдын ортосунда Б. чексиз монархиялык мамлекет болуп калыптанган. 1774-ж. азыркы Бутандын аймагында жашаган элдер Кытайдын бийлиги астына өткөн. 19-кылымдан 1947-жылына чейин Бутанда Улуу Британиянын протектораты орногон. 1907-ж. англичандардын жардамы менен Вангчуктар династиясынын бийлиги орнотулуп, алгачкы өкүлү Угьен Вангчук такка отурган. Англиялык колониячыл өкмөт Бутандын тышкы саясатын көзөмөлдөгөнү менен ички иштерине кийлигишкен эмес. 1949-жана башка көз каранды эместикке жетишкен, бирок чет мамлекеттер менен байланышы Индиянын көзөмөлү астында жүргүзүлгөн. 1954-ж. мыйзам чыгаруу органы Улуттук чогулуш (Цонгду) түзүлгөн. 1971-жана башка БУУнун мүчөсү болуп кабыл алынган. 1998-ж. өлкөдө саясий реформалар жүргүзүлүп, король айрым ыйгарым укуктарын Улуттук чогулушка өткөрүп берген.
 
==Айыл чарбасы==
Бутан – агрардык өлкө. Дүйнөдөгү анча жакшы өнүкпөгөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 2,9 млрд долларды түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1400 доллардан туура келет. ИДПде Айыл чарбасынын үлүшү – 36% , өнөр жайы менен курулуштуку – 23%. Акиташ, мрамор, доломит, графит, сланец, асыл таштар жана азыраак темир, көмүр өндүрөт. Экономикасындагы эң тез өскөн тармак гидроэнергетика. Жылына 2 млрд кВт∙С электр энергиясын өндүрөт, анын 99%ин ГЭС берет. Энергияга болгон ички керектөөсү анча жогору болбогондуктан, негизинен экспорттолот (Индияга). Кустардык кол өнөрчүлүгү (кездеме, килем, согуш куралдары, металл менен жыгачты кооздоо) өнүккөн. Цемент, тамак-аш, токой өнөр жайы бар. Чакан ишканалары басымдуу. Жеринин 7,7% иштетилет. Негизги өсүмдүгү шалы, жүгөрү, картошка, цитрус өсүмдүктөрү, жемиштер. Жайытта багылган мал чарбачылыгы (жылкы, топоз, кой, эчки) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 4007 км. Темир жолу жок. Сыртка электр энергиясын, асыл таштарды, цемент, жыгач, жемиш консерваларын, кардамон, мускус, лак, мом, графит, пил сөөгүн чыгарат. Сырттан оор машина тетиктерин, транспорт жабдууларын, минерал майларын, күрүч алат. Почта маркаларын сатуу жана чет элдик туризм өнүккөн. Негизги соода өнөктөштөрү: [[Индия]], [[Бангладеш]].
 
2003-ж. Тхимихуда Королдук университет негизделген, анын астында илимий-изилдөө институттары бар; алар: Королдук менеджмент институту, Королдук технологиялык институт, Салттык медицина улуттук институту жана башка Телекөрсөтүүсү 1999-жылдан иштейт. 1992-жылдан жума сайын «Кунсель» гезити чыгат. Архитектурасы менен искусствосу ламаизмдин таасиринде өнүккөн. Бутандын архитектурасы 17-кылымда дзонгдор аркылуу таанылган.
 
[[Категория: Мамлекеттер]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Бутан| Мамлекеттер]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бутан" булагынан алынды