Музыкалык аспаптар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м remove wrong link
+ Stian Carstensen Buckleys Oslo Jazzfestival (161455).jpg
3-сап:
 
Мисалы: бандура [[Украина|Украинада]], пандури жана чонгури [[Грузия|Грузияда]] гана болсо, гусли, сопель, жалейка, волынка орустарда, украиндерде, белорустарда да бар; саз, тар, зурна [[Азербайжан]], Ариенияда болсо, Өзбекистан менен [[Тажикстан|Тажикстандын]] көп аспаптары окшош. [[Россия|Россияда]] байыртан элдик музыкалык аспаптар ансамблдери (гуслярлар, гудошниктер, домбрачылар) болгон. 19- кылымдын аягында В. В. Андреев, С. И. Налимов, Ф. С. Пассербский, Н. П. Фомин кээ бир орус муз. аспаптарды (балалайка, гусли жана башка) өркүндөтүп, анын негизинде эл аспаптар оркестирлери түзүлгөн. Мурдагы Союздук республикаларда да байыртан келе жаткан улуттук муз. аспаптар бар.
 
[[Файл:Stian Carstensen Buckleys Oslo Jazzfestival (161455).jpg|thumb|[[Банджо]].]]
 
Профессионалдык музыкалык аспаптарга симфония (опералык), үйлөмө жана эстрада оркестринин аспаптары кирет. Профессионалдык аспаптар элдик музыкалык аспаптардан келип чыккан. Музыкалык аспаптардын өнүгүшү адамзат коомунун, анын маданиятынын, музыкасынын, аткаруу өнөрүнүн өркүндөшүнө байланыштуу. Ошол себептүү кээ бир музыкалык аспаптар өзүнүн алгачкы түрүн өзгөртпөй биздин заманга жетсе, көпчүлүгү өзгөрүп, кээ бири акырындап жоюлуп, ордуна жаӊы асапап пайда болду. Добуш чыгаруу өзгөчөлүктөрүнө карай [[Үйлөмө музыкалык аспаптар|муыкалык аспаптар үйлөмө]] ([[флейта]], [[кларнет]], [[гобой]], [[труба]], [[валторна]], [[сурнай]], [[керней]], чоор жана башка), кылдуу чертме (арфа, [[гитара]], [[балалайка]], [[дутар]], [[домбра]], [[комуз]]), [[Урма музыкалык аспаптар|урма]] (барабан, [[литавра]], [[ксилофон]], [[дойра]]) жана башка болуп бир нече топко бөлүнөт.