Демокрит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[File:Democritus2.jpg|250px|thumb|right|Демокрит.]]
'''Демокрит''' (Х.Т.ч. 460—370-ж. ченде) — байыркы грек философу, Абдерде туулган. Ал көп саякаттап, [[Египет|Египетте]], [[Персия|Персияда]], [[Индия|Индияда]] болуп, бир кыйла көп сандагы билимге жетишет. Өзүнүн узакка созулган өмүрүндө коп кырдуу окумуштуу болуп, билимдин эң эле ар түрдүү тармактары: физика, [[математика]], риторика, философия боюнча 70тен ашык эмгектерди жазат. Ал Левкипптин шакирти болгон жана атом теориясынын негизги жоболорун андан алып, аларды андан ары өнүктүргөн.
 
== Демокриттин философиясы ==
11-сап:
 
Ал Левкипптин жолун жолдоп, ага чейинки философтор айтышкандай эч нерсе жоктон бар болбойт жана себепсиз эч нерсе пайда да болбойт деп эсептеген. Бардык болуп жаткандар ырааттуу зарылдык боюнча болуп турат. Баардыгы атомдордун механикалык кыймылы аркылуу детерминдештирилген. Диоген Лаэртский жазгандай, Демокритте «бардык нерсе детерминдештирилген: ар бир пайда болгон нерсенин себеби — куюн, бул куюнду ал зарылдык деп атайт». Демокрит үчүн кокустук деген жок нерсе, бардык нерсенин өз себеби бар, демек алар кокустук боло албайт. А түгүл бирине бири байланышпаган эки катардагы окуялардын кокустан дал келип кесилишип калышы сыяктуу көрүнүштөрдү да Демокрит зарылдык деп таап, бул окуяга көрүнүштөрдүн себептик тутуму алып келген дейт. Мына ошентип, Демокрит өзүнүн механикалык кыймылды кыймылдын бирден бир формасы деп тааныгандыгынан улам келип чыгуучу ырааттуу детерминизм позициясында турат.
 
[[File:Coypel Democritus.jpg|thumb|200px|left|Демокрит.]]
 
== Сезим таанымы ==
Line 27 ⟶ 28:
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү.] - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[Категория:ФилософияФилософтор‎]]
[[Категория:Инсандар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Демокрит" булагынан алынды