Ден соолук: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: изменение Категория:Ден-соолук на Категория:Ден соолук |
мNo edit summary |
||
1-сап:
[[Ден соолук]] — организмдин айлана чөйрө менен тең салмакташ болуу жана оорунун жоктугу менен мүнөздөлгөн табигый абалы. Кишинин
Д. с-ту билдирүүчү көрсөткүчтөр ар бир кишинин жашына, жынысына, тамактануусуна, жашоо шартына, иштеген ишине жараша өзгөрүлүп турат. Ошондуктан Д. с. ар бир кишинин субъективдүү абалын жана антропометриялык, клиникалык, физиологиялык, биохимиялык көрсөткүчтөрүн белгилеп, аньг менен бирге жынысын, жашын, климаттык шартын эске алып аныкталат. Мисалы, өрөөндө жашаган дени соо киши бийик тоолуу жерге барганда бийик тоо шартындагы кычкылтектин жетишсиздигине жана атмосфералык басымдын төмөндүгүнө көнө албай бир топко өзүн начар сезет. Ошондуктан бийик тоолуу жерге адаптация болгондо ал өзүн ооругандай сезет, организмдин ыңгайлануу механизмдери өтө күчөйт, бирок Д. с. бул учурда бузулбайт.
Калктын Д. с-гун төрөт саны, өлүмчүлүк, оорукчандык, кишилердин дене өөрчүшү, өмүрдүн орточо узактыгы белгилейт. Калктын Д. с-уна реалдуу эмгек акысы, иш күнүнүн узактыгы, эмгек жана жашоо шарты, тамактануусу, саламаттык сактоо жана санитариялык абал таасир этет. Жеке кишинин жана калктын Д. с-ун коргоонун илимий уюштуруусу организмдин коргонуу функциясын күчөтүүгө жана кишинин ар кандай оору козгогуч менен тыгыз байланышын алдын алуучу шарт түзүүгө же организмге алардын таасирин басаңдатууга негизделет. Айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо, эпидемияга каршы чара көрүү, калктын маданиятын, ошондой эле үй-бүлөдө жана иште ыңгайлуу шарт түзүү маанилүү ролду ойнойт. Ага ооруну алдын алуу жолдору, акысыз, бардык элди жетиштүү, квалификациялуу дарылоо, алдын алуу-дарылоо мекемелерин, эс алуу үйлөрүн, санаторийлерди көбөйтүү, физ-ра менен спортту массалык түрдө уюштуруу түрткү болот.
== Колдонулган адабияттар ==
*Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[Категория:Ден соолук]]
|