Теорема: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Теорема''' (грекче theroreo – карайм) – чын экенинин далилдөө жолу менен көрсөтүлүүчү ар кандай математикалык (аксиома менен аныктамадан башка) туюнтма. Теорема «эгер ... болсо, анда» деген шарттуу сөздөрдүн жардамында, А=>В схемасынын түзүлүшү мүмкүндүк Теорема эки бөлүктөн турат. 1) шарты – теоремада эмне берилгени; 2) корутундусу – эмнени далилдөө керектиги көрсөтүлөт. Теореманын шартын корутунду менен, корутундусун шарты менен алмаштыруудан берилген (түз) теоремага тескери теорема (В=>А) алынат. Булар өз ара тескери Теоремалар. Эгер түз жана тескери Теореманын шартына да, корутундусуна да «эмес» деп тануу киргизилсе, тиешелүү түрдө түз Теоремага карама-каршы В => A Теорема алынат.Теорема түшүнүгү математика илиминде математикалык далилдөө түшүнүгү менен бирдикте өстү жана такталды. Мурунку далилденген Теоремалардын негизинде кийинки Теоремалар далилденет. Теорема түшүнүгүнүн такталышы матем. теорияда бир катар керектүү жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берди. Айрым алганда математиканын негизги бөлүмдөрүндө аксиомалык теория түзүлдү.
 
[[Категория:Математика]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория:Математикалык терминдер]]
[[Категория:МатематикаТеоремалар|*]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Теорема" булагынан алынды