Цитология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м биология
No edit summary
2-сап:
'''Цитология''' ([[Грек тили|грек]]. κύτος — «орун», биякта: «клетка» жана λόγος — «окуу», «илим») — [[өсүмдүк]] жана [[Жаныбарлар|жаныбар]] клеткасынын түзүлүшүн жана аткарган кызматын изилдөөчү илим.
 
Цитологиянын өнүгүшү клетканы изилдөө методдорунун өөрчүшү менен байланыштуу. 17-кылымда бир катар илимпоздор ([[Гук, Роберт|Р. Гук]], [[Левенгук, Антони ван|А. Левенгук]], [[Мальпиги, Марчелло |М. Мальпиги]], [[Грю, Неемия|Н. Грю]] жана башкалар) [[микроскоп|микроскоптун]] жардамы менен өсүмдүктөр клеткадан турарын аныкташкан. 19-кылымда жаныбарлар тканы да клеткадан турары жана клеткалык түзүлүшү боюнча өсүмдүк менен жаныбарлардын ортосунда окшоштуктар бар экендиги байкалган. Бирок ал кездеги илимпоздор клетканын негизги бөлүгү анын кабыгы деп эсептешкен. 1839-ж. ошол кездеги клеткалык түзүлүш боюнча топтолгон илимий маалыматтардын негизинде немец илимпозу [[Шванн, Теодор|Т. Шванн]] клетка теориясын негиздеген. 19-кылымдын аягында клетканын негизги бөлүгү анын кабыгы эмес, протоплазмасы экендиги, клетканын бөлүнүү жолу менен көбөйүшү айкын болду.<br />
20-кылымда электрондук микроскоптун пайда болушу цитологиянын өнүгүшүнүн жаңы этабы болду. Цитология клетканы тирүү организмдердин маанилүү структуралык бирдиги катары изилдеп, биологиялык илимдердин ичинен негизги орунду ээлейт. Ал [[гистология]], өсүмдүк анатомиясы, [[генетика]], биохимия, микробиология жана башкалар илимдер менен тыгыз байланышта өнүгүүдө. Цитология изилдөөчү объектилери менен ыкмаларга жараша [[Цистоскопия|цитогенетика]], цитоэкология, онкологиялык цитология, иммуноцитология жана башкалар тармактарга бөлүнөт.
 
8-сап:
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:МедицинаЦитология| ]]
[[Категория:биологияБиология тармактары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цитология" булагынан алынды