Чолпон-Ата: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
55-сап:
}}
 
'''Булан сооготтуЧолпон-Ата''' - [[Ысык-Көл облусу|Ысык-Көл облусундагы]] курорттук-шаар, [[Ысык-Көл району|Ысык-Көл районунун]] административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Калкынын саны - 10500 (2009 ж.) киши. [[Бишкек шаары|Бишкек шаарынан]] 240 км, облустун борбору [[Каракол шаары|Каракол шаарынан]] 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-Тоо тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан.
 
Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга алмаштырылган. 1998-жылы 23-июндан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин №292 Указы менен Чолпон-Ата шаары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөн. Шаардын жалпы аянты 1731га-1223га ны ээлейт. Калкы көп улуттуу: кыргыздар жана орустар жалпы калктын санынын 88,2 % түзөт, мындан тышкары украиндер, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын жыштыгы салыштырмалуу төмөн (1га=9,73адам).
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чолпон-Ата" булагынан алынды