Кен таш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ ManganeseOreUSGOV.jpg
No edit summary
1-сап:
{{mergeto|Руда}}
[[Файл:ManganeseOreUSGOV.jpg|thumb|Кен таш.]]
'''Кен таш''', руда – курамында казып жана бөлүп алууга жарактуу [[металлдар]] же алардын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу. Өз ичинен металл жана металл эмес Кен таш болуп эки түргө бөлүнөт. Металл эмеске асбест, барий, күкүрт, графит, корунд ж. б. кирет. Кен таш түзүүчү минералдардын орун алышына (текстура) жараша нык, катмарлуу, темгилдүү, тарамдашкан, ала-була, жол-жол, чачынды, чаар түрлөрдөн турат. Түзүлүшүнө карата бир өңчөй, текши эмес, бүртүктүү, оолит, порфир сыяктуу түрлөргө бөлүнөт. Катуу, бек тектерде тулку, борпоң чөкмөлөрдө чачыранды деп аталат. Бир эле минералдан турганы – мономинералдуу, көптөгөн минералдардан турса полиминералдуу деп аталат. Курамындагы кымбат баалуу компоненттер боюнча бай, орто, жарды Кен таш делет. Пайда болуу шартына жараша эндогендүү, экзогендүү жана метаморфогендүү түрлөрдөн турат. Кен таштын пайдазыяны технологиялык сыноолор жана салыштыруу жолу жана аныкталат. Курамындагы эң негизги компоненттердин запасы, өлчөмү, саны, кошулмаларынын зыян келтирбей турган максималдуу саны ө. ж-лык кондиция деп аталат. Ал Кен ташты казып алуу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кен_таш" булагынан алынды