Чомо баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Чомо баатыр Жолой уулу''' (1895-1922) - Биринчи Дүйнөлүк согуштун катышууч..."
(Айырма жок)

27 август 2020, саат 10:47 учурдагы нуска

Чомо баатыр Жолой уулу (1895-1922) - Биринчи Дүйнөлүк согуштун катышуучусу, орус баскынчылыгына каршы күрөш жүргүзгөн улуттук баатырлардын бири.

Өмүр баяны

Чомо баатыр тууралуу Өзгөн районунда жашаган улуу муундун эскерүүлөрүнөн угуп билүүгө болот.

Ал басыз уруусунун кылыч-тамга уругундагы түгөл уулдарынан чыккан. Чомонун туугандарынын урпактарынын айтууларына караганда, Чомо баатыр 20 жашында Биринчи Дүйнөлүк согушка оорукка жиберилип, бирок согуш майданында согушуп, мылтык колдонууну жана согуш өнөрлөрүн өздөштүрүп келген. Келген соң, Өзгөн аймагындагы келгин орустардын жергиликтүү кыргыздарга карата басмырлуу мамилесине жооп кылуу иретинде орустарды Ийри-Суу, Көгарт ж.б. жерлерден сүрүп чыгаруу үчүн куралдуу күрөш баштаган. Бир аз гана жигиттери менен Өзгөндүн жайлоолорундагы орустарды төмөн карай сүрүп жүрүп, акырында 28 гана жашка толгондо кармалып, кызыл аскерлер тарабынан атылган. Аны менен кошо көптөгөн туугандары да өлтүргөн дешет.


Сузак районунун Тотуя, Жар-Кыштак айылдарында Чомо баатырдын жашырылган уулдарынан тараган урпактары жашап келишет.

Эскерүү

1995-жылы Чомо баатырды эскерүү мааракеси уюштурулган. Ошондой эле, Ийри-Суу айыл аймагындагы Корс-Этти айылынын мектебине Чомо баатырдын ысымы ыйгарылган.

Шилтемелер