Көгарт өрөөнүСузак районунун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түндүкбатыш капталынан Кара-Дарыя өрөөнүнө чейин 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Таманынын абс. бийиктиги 700—2000 м. Жогорку тоолуу бөлүгү Фергана тоо тизмегинин негизги суу бөлгүчү жана анын айрыктары мн чектелген бир нече өрөөн, капчыгайларга (Жошо, Орток, Кара-Алма, Үрүмбашы, Кызыл-Суу ж. б.) бөлүнүп кетет. Төмөнкү түзөң бөлүгү (узундугу 55 км) жайык (таманынын туурасы 6—8 км). Жалпы эңкейиштиги 5 Щ}1 □. Түштүк-чыгыш тарабынан Серүүн-Дөбө, Айып-Тоо (бийиктиги 1300—2400 м), түндүк-батышынан Чаңгыр-Таш (1300—1800 м) тоолору менен чектешет. Тектоникалык жактан Көгарт ө. — аллювий чөкмө тектери толгон кеңдик боюнча жаткан синклиналь. Чөкмөлөрдүн эң калың катмары Жалал-Абад шаарына жакын жатат. Адырлар негизинен неоген мезгилинин конгломерат, мергелдүү чопо, тоолуу бөлүгү юранын чополуу сланец тектеринен турат. Айрым жеринде (Серүүн-Дөбө) палеозойдун акиташ, сланец тектери кездешет. Климаты мелүүн континенттик, тоо тарабында мелүүнүрөөк. Түздүгүндө январдын орточо температурасы — 4,3 °С, июлдуку 25 °С. Абсолюттук максимум 41,1 °С; абсолюттук минимум —28 °С чейин. Жылдык жаан-чачын 468-900 мм. Сууларынын ириси — Көгарт суусу (орточо чыгымы 18,3 м3/сек). Жарым чөл жана кургак талаа (700—1000 м бийикте, боз топурактуу келип, ак шыбак, эбелек, камгак ж. б. өсүмдүктөр өсөт), талаа (1000—1400 м; бозомук күрөң топурактуу, бадалдар, буудайык, кызыл от ж. б.), жаңгак-жемиштүү токой (1400—2400 м күрөң жана кара күрөң топурактуу), шалбаалуу талаа, субальп жана альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Бийик бөлүгү аска-зоокалуу, шагыл таштуу. Өрөөндө Жалал-Абад шаары, Сузак, Бек-Абад, Октябрь, Жийде ж.б. кыштагы жайгашкан.

Көгарт өрөөнү

Булактар түзөтүү

Сырткы шилтемелер түзөтүү