Октавиан Август: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Redirected page to Август Октавиан
Белги: Жаңы багыттама
Removed redirect to Август Октавиан
 
1-сап:
[[Файл:Statue-Augustus.jpg|thumb|right]]
#REDIRECT [[Август Октавиан]]
 
'''Август Октавиан''' (б. з. ч. 63-ж. - б. з. 14-ж.) [[Байыркы Рим|Рим]] [[Император|императору]] (б. з. ч. 27-ж.). Биздин заманга чейин 44-ж. [[Гай Юлий Цезарь]] асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, [[Император|императордун]] тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач [[Антоний Марк|Антоний]] жана Лепид менен бирдикте (2-[[триумвират]]), республикачыл [[Сенат|сенаттын]] жол башчылары [[Брут Марк Юний|Брут]] менен Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Биздин заманга чейин 36-ж. [[Помпей Гней|Помпейдин]] аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Биздин заманга чейин 31-ж. [[Египет|Египетке]] каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негизги душманы Антоний менен Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин Август Рим мамлекетинин [[Диктатор|диктаторуна]] айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин Август Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. Август маанилүү саясий-административдик реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамына [[Испания]] толук каратылып, [[Египет]], Мезия, Паннония, [[Германия]] [[Провинция|провинциялары]] түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), [[маданият]], [[адабият]] өнүккөн.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы|“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Инсандар]]