Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Кембриж''', Кеймбриж – АКШнын түндүк-чыгышындагы шаар. Массачусетс штатында, Бостондун шаар айланасы. Калкы 101,3 миң (2008). Чоң Бостондун курамына кирет. АКШнын ири илимий-изилдөө жана окуу борбору. Кембрижде Гарвард унверситетинин кампусунун бир топ бөлүгү, Массачусетс технологиялык институтунун архитектура комплекси, искусство жана билим академиясы (1780), Лонги музыка мектеби (1915; консерватория), музейлер бар. Машина куруу, резина, полиграфиялык өнөр жай ишканалары иштейт. Жогорку технологиядагы продукция чыгаруучу компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Фотоаппараттар («Polaroid», 2008-жылдан санариптик аппараттарга өткөрүлгөн) чыгарылат. Шаар 1630-жылы негизделген. Куперлердин жыгач үйү (1681–82), Христ чиркөөсү (1759–61), Э. Оливердин үйү (1767), Булфинч аянтында калк китепканасы, башка курулуштар сакталган.
 
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Кэмбридж (Массачусетс)]]
[[Категория:Шаарлар]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кембриж" булагынан алынды