Алтай тилдери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''АлтайAltay тилдериtilderi''' - түркtürk, монголmongol, тунгусtunğus-манчжурmanjur жанаjana японyapon, корейkorey тилдерининtilderinin генетикалыкgenetikalıq жакындыгыjaqındığı барbar дегенdegen түшүнүктүtüşünüktü билдиргенbildirgen шарттууşarttuv терминtermin. Айрым окумуштуулар (И. Табберт-Страленберг, М. А. Кастрен, О. Бётлинг, Г. Впнклер, О. Доннер, Г. Рамстедт, Е. Д. Поливанов, В. Л. Котвич ж. б.) Алтай тилдери менен урал тилдеринин генетикалык жакындыгы бар деп сунуш кылышкан. Аталган тилдердин генетпкалык жакындыгына караганда, типологиялык жакындыгы көбүрөөк деген көз караштар да бар. Урал-алтай тилдер теориясын жактаган окумуштуулар аталган тилдердин тыбыштык түзүлүшү, сөздөрдүн морфологиялык жол менен жасалуусу, сингармонизм жана агглютинация мыйзамдарынын окшоштугу, лексикадагы бир катар параллелдер, ошондой эле атоочтордогу жөндөмө, жак, сан категорияларында болгон структуралык жакындыктарды негиз кылып карашат. Алтай тилдери тобун түзгөн түрк, монгол жана тунгус-манчжур тилдеринин ар бири өз ара генетикалык жакындыкты түзсө, ошондой эле финно-угор, корей тилдеринин ичара генетикалык жакындыгы бар. Ошондой эле түрк тилдер тобундагы өлүү тилдер, башкача айтканда орхон түрктөрүнүн, енисейлик (байыркы) кыргыздардын, байыркы уйгур, булгар, хазар, кыпчак тилдеринин фонетуулган, грамматуулган, лексикалык окшоштуктары алтай тилдеринин тарыхын салыштырып изилдөөчүлөр тарабынан аныкталган.
[[Категория:Тил илими]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1