Стоматология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|Стоматологдун кабыл алуусунда '''Стоматоло́гия''' ({{lang-grc|στοματος}}..."
(Айырма жок)

30 январь 2012, саат 15:48 учурдагы нуска

Стоматоло́гия (б.-грек. στοματος — ооз + б.-грек. λογος — сөз) — медицина бөлүгү, тиштин функциясын жана түзүлүшүн, анын ооруларын, профилактика ыкмаларын, дарылоону, аны менен бирге ооз көңдөйүнүн, жаактардын, беттин жана моюндун ооруларын изилдейт. Стоматология толук ден соолук сакталыш үчүн абдан керектүү. Стоматология менен алектенген дарыгерлерди стоматолог (дантист) деп атап коюшат. Дантисттерге ассистенттер, санитарлар, техниктер жардамдашат.

Стоматологдун кабыл алуусунда

Тарыхы

 
Тиш дарылоо

Инд дарыя өзөнүнүн цивилизациясы биздин заманга чейинки 7000 жылдарда стоматология колдонулганын далилдеп берди. Стоматологиянын байыркы формаларында тиштин бузулганын керме үшкү аркылуу операция менен дарыланчы. Стоматологиянын байыркы формаларынын реконструкцияларында мурда колдонулган ыкмалар өзүн мыкты жана эффективдүү көрсөттү.

Биздин заманга чейинки 5000 жылдарда шумердик тексттерде тиш кариестин себеби “тиш курту” деп баяндалган. Бул ишеничтердин далилдери байыркы Индияда, Жапонияда жана Кытайда да табылган. Курттар жөнүндө легенда Гомердин да жазууларында табылган, кийинчирээк XIV кылымда хирург де Шолиак дагы эле курттар тиш кариестин себеби экен ишеничти колдоп жүрдү.

Биздин заманга чейинки XVII кылымда жазылган Эдвин Смиттин папирусу кээ бир тиш кеселдерди дарылоо жөнүндө маалыматка ээ. Бул папирус андан да байыркы биздин заманга чейинки 3000 жылдагы манускриптерди чагылдырышы ыктымал. Биздин заманга чейинки XVIII кылымдагы Хаммурапи мыйзамдардын жыйнагында эки жолу тиш суруу өлүм жазага айланганы жарыяланган. Байыркы египеттиктердин жана грек-римдиктердин өлүк сөөгүн изилдөөлөр протездөөдө жана хирургияда аракеттерди көрсөттү.