Цунами: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
30-сап:

==Кызыктуу фактылар==
[[Файл:220px-Propagation du tsunami en profondeur variable.gif|400px|thumb|right|Толкундар жээкте бийиктейт]]* Цунамилер суу түбүндөгү титирөөдөн болот деген божомолду биринчи жолу байыркы грек тарыхчысы Фукикид б. з. ч. 426-жылы "Полепонеск согушунун тарыхы" деген китебинде жазып кеткен.

* Англиялык 10 жашар кыз Тилли Смит география сабагында цунаминин алдында деңиз суусу күтүүсүз тартыларын угат да, 2004-жылы цунаминин алдында жээктен ошол кубулушту байкап, ата-энесине айтат. Ата-энеси жээктеги башка адамдарга айтып, натыйжада миңдеген адамдардын өмүрү сакталып калат. Андан соң ал кыз [[БУУ]]га мүчө катары кабыл алынып, анын урматына бир астероид "20002 [[Тиллисмит]]" деп аталган.

* Окумуштуулардын айтуусуна караганда, суу алдындагы жер титирөөлөр эң көп болгон аймак Тынч океан болуп эсептелет. Ошондуктан билгендерге ал "тынч" эмес, эң коркунучтуу жана каардуу океан катары саналат. Статистикалык маалыматтарга караганда, цунамилердин да эң көбү Тынч океанда болот: [[Тынч океан]] - 75 пайыз, [[Жер ортолук деңизи]] - 12 пайыз, [[Атлантика океаны]] - 9 пайыз, [[Инд океаны]] - 3 пайыз, ал эми калганына 1 пайыз туура келет.

* Учурда цунами менен күрөшүүдө окумуштууларга заманбап технология жардамга келет. Ал аркылуу дүйнөнүн көптөгөн университеттеринде жана атайын изилдөө борборлорунда гидродинамиканын закондорунун негизинде цунамилердин математикалык моделдерин эсептеп чыгарган программалар түзүлгөн. Мындай моделдердин жардамы менен кыйраткыч цунамилердин пайда болушу жана жергиликтүү рельефке карата алардын таралуу траекториясы, ылдамдыгы ж. б. параметрлери эсептелип турат.

==Колдонулган адабияттар==
Левин Б. В., Носов М. А. Цунаминин физикалык мүнөздөмөсү жана океандагы табияты окшош кубулуштар (Физика цунами и родственных явлений в океане). М.: Янус-К, 2005

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Цунами" булагынан алынды