Цунами жана жер титирөө түзөтүү

 
Жээктеги толкун

Япониядагы катуу жер титирөө менен коштолгон цунами акыркы жылдары көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп келди. «Мындай башка түшкөн кырсыктын алдын алууга, курмандыктардын жана чыгымдардын санын бир кыйла азайтууга мүмкүнбү?» – деген суроого жооп табуу үчүн айрым маалыматтарга таянып, бул табигый кырсыктын келип чыгышын дагы тереңден түшүнүүгө аракет кылуу керек. Ошондуктан, алгач цунаминин келип чыгышынын негизги себептеринин бири болгон Жер жана анын түзүлүшү, жер титирөө тууралуу маалыматтарга токтолуу зарыл.
Жер бир нече катмардан турат: тышкы катмар, үстүнкү мантия, мантия, тышкы ядро, ички ядро.

 
Цунамини пайда кылуучу жер титирөөнүн схемасы

Жердин кыртышы - катуу катмарынын үстүнкү бөлүгү. Ал бири-биринин үстүнө төшөлүп, жылышып турган ар кандай чоңдуктагы литосфералык плиталарга бөлүнөт. Алардын кыймылдары плиталардын тектоникасынан көз каранды.

Жер титирөө - жердин терең катмарындагы массалардын (плиталардын) өз ара кыймылынан улам пайда болгон термелүү. Ал эми анын пайда кылган толкундары сейсмикалык толкундар деп аталат. Жер алдындагы толкундардын тараган борборун фокус же гипоцентр деп аташат. Ал эми ал толкундардын фокустун жогору жагындагы, башкача айтканда, жер бетине тик келип тийгендеги точканы очок (эпицентр) деп атайт.

Жердин төмөнкү катмары калың катмарды түзгөн бир тектүү зат эмес, тескерисинче, бөлүк-бөлүктөрдөн туруп, бири-биринин үстүнө төшөлгөн химиялык курамы ар башка болгон катуу катмарлардан турат. Бул бөлүктөрдүн көлөмү да ар башка, мисалы, узундугу бир нече миң чакырым, бийиктиги болсо 15 чакырымдан 200 чакырымга чейин болот. Мына ошол бөлүктөр, катмарлар гравитациянын жердин өз огунда айлануусунан ж. б. себептерден улам өз ара жылышып-сүрүлүп турат да, мындан улам пайда болгон энергия ал жердеги чыңалууну пайда кылат. Ал чыңалуу энергиясы улам артып отуруп, жетер жерине жеткенде, тоо тектеринин сынып-бөлүнүшүнө алып келет. Мында тоо тектеринин потенциалдык энергиясы кинетикалык энергияга айланат да, сейсмикалык толкун түрүндө бардык багытты көздөй тарайт.

 
"Жээктеги толкун" Гаваи

Жогору карай багытталган толкун жердин эң жогорку катмарына жеткенде жер алдынан келген сокку катары сезилет да, ал жерде силкинүүнү пайда кылат.

Ушул эле процесс суу астында да болуп турат. Жер шарынын, болжол менен, 29,2 пайызын кургактык, башкача айтканда, тоо-таш, талаа-түздөр, ал эми 70,8 пайызын деңиз суулары ээлегендиктен, жер титирөөлөрдүн көбү суу алдындагы аймактарга туура келүүсү мыйзам ченемдүү. Мына ошол деңиз-океандардын алдында болгон силкинүүлөр сууда зор масштабдагы толкундарды пайда кылат да, натыйжада кыйраткыч күчкө ээ болгон цунамилер жаралат. Цунами - япон тилинен которгондо - "жээктеги толкун". Бул кубулуш негизинен жер титирөөдөн улам келип чыгат, бирок бардык эле термелүү чоң толкунду, башкача айтканда, цунамини пайда кылбайт. Күчтүү толкундарды магнитудасы 7 баллдан жогорку көрсөткүчтөгү жер титирөөлөр жаратат. Цунамиге биринчи жолу 1586-жылы Перуда Хосе де Акоста аныктама берген. Ал жерде болгон цунами бийиктиги 20 метрге жетип, жээктен 10 чакырым аралыкка чейин барган.

Цунаминин пайда болушунун негизги себептери түзөтүү

 
Цунами толкундарынын күч алуусу (схема)

* Суу астындагы жер титирөө, болжол менен, бардык цунамилердин 85 пайызын түзөт. Мында деңиздин алдындагы тектердин вертикалдуу түрдө кыймылга келиши байкалат. Мунун натыйжасында сууда толкундар пайда болот. Илимпоздор да жер титирөөдөн улам пайда болуучу цунаминин күчү канчалык болорун аныктай турган көрсөткүчтөргө ээ болуша элек. Болгону алар жер титирөөнүн магнитудасын гана болжолдошот.

  • Статистиктер жер көчкүнүн натыйжасында пайда болгон цунамилер ХХ кылымда бардык цунаминин, болжол менен, 7 пайызына туура келерин аныкташкан.
  • Суу астындагы жанар ТООнун атылышынан улам пайда болгон цунамилер, статистика боюнча, 4,99 пайызды ээлейт. Мында толкундар күчтүү атылуудан гана эмес, кайра анын ордун толтурууга умтулган суунун кыймылынан улам да пайда болот. Мисалы, 1883-жылы Кракатау жанар тоосунун атылуусунан улам пайда болгон цунами жалпысынан 5000 кемени талкалап, 36 000 адамдын өмүрүн алып кеткен.
  • Мындан тышкары, цунамилер адамдар тарабынан жүргүзүлгөн суу астындагы ар кандай жардыруулардын натыйжасында да пайда болот. Мисалы, 1946-жылы АКШ тарабынан 60 метр тереңдикте жүргүзүлгөн 20 000 тонна тротилдин күчү менен барабар болгон жардырууда пайда болгон толкун 300 метр аралыкта 28 метрге чейин жеткен. Ал эми 6,5 чакырым аралыкта 2 метрге жакын бийиктикте болгон.

Толкундардын табияты түзөтүү

 
Инд океаны боюнча тараган толкун

Жер титирөө учурунда суу түбүндөгү жер кыртышынын вертикалдуу кыймылы, болжол менен алганда, 50 сантиметрдей болот, бирок анын аянты өтө зор - ондогон чарчы чакырым болот. Ошондуктан пайда болгон толкундардын бийиктиги жапыз болгон менен, өтө узун болот жана өтө чоң энергияга ээ болот.

Цунаминин алдында алгач жээктердеги суунун тартылышы байкалат. Канчалык тартылса, толкун да ошончолук бийик болот. Ал эми ачык океанда анын ылдамдыгы 800 чакырым/саатка чейин чыгат. Бул реактивдүү самолёттун ылдамдыгына барабар. Цунами толкундарынын ылдамдыгы √(g*H) формуласы менен аныкталат. Мында g - эркин түшүүнүн ылдамдыгы, ал эми H - толкундун бийиктиги. Ошол эле учурда анын бийиктиги 1 метрден ашпайт жана ал кадимки толкундардан эч айырмаланбайт. Себеби, негизги толкун суунун ичи менен кетет. Ошондуктан кемелер цунаминин алдында ачык деңизге чыгып кетишет. Ал эми эки толкундун аралыгы 100-190 чакырымга чейин болот.

 
Толкун

Бороон-чапкындагы толкундарга караганда ошол эле бийиктиктеги цунами кыйраткыч күчкө ээ болуп, көптөгөн чыгымдарды алып келет. Себеби, бороондо пайда болгон толкундардын ылдамдыгынан цунаминин ылдамдыгы жана кинетикалык энергиясы алда канча чоң болот. Экинчиден, бороон-чапкын учурунда жээкке карай умтулган күчтүү толкундар суунун үстүнкү бетинде гана пайда болот. Ал эми цунаминин толкундары сууну деңиздин түбүнөн бери кыймылга келтирет. Ошондуктан, жээк тайыздаган сайын, суу асты менен келаткан толкунду жогору карай түртөт да, суу үстүндөгү толкундун бийиктиги өсөт. Цунаминин толкундары суунун зор массасын жээкке сүрөт.

Толкундардын бийиктиги кубаттуулугунан жана жээктин физикалык түзүлүшүнөн көз каранды. Мисалы, чукул бурулуштагы жээктерде айлампа эффекти пайда болуп, толкундардын бийиктиги бир топ өсөт. Ал эми кумдуу жээктен, тескерисинче, бийиктиги төмөндөйт. Көпчүлүгүнүн бийиктиги 10 метрге чейин жетет.
Цунами толкундарынын таралышы да татаал процесс. Толкундардын ылдамдыгы океандын тереңдигинен көз каранды. Ошондуктан очоктон толкундардын шакек түрүндө таралышы бузулуп, түздөлүп кетет же таптакыр башка форма боюнча таралат, айрым учурда бөлүнүп да кетет. Суу алдындагы жер титирөө цунамини пайда кылуу үчүн, жок дегенде, Рихтердин шкаласы боюнча магнитудасы 7 баллга жетиши керек. Ар бир жүз жылдыкта өтө чоң кыйроолорду алып келген 6-7 күчтүү цунамилер катталат. Ал эми ар кандай чоңдуктагы цунамилер - жыл сайын болуп туруучу көрүнүш.

Тарыхтагы эң чоң цунамилер түзөтүү

 
Мегацунами, Гаваи...

* 1952-жылы Камчатканын жээгинен 130 чакырым алыстыкта Тынч океанда магнитудасы 8,5-9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында цунами пайда болгон. Бийиктиги 15-18 метрге жеткен үч толкун Түндүк Курильск шаарын талкалап, анын айланасына да зор чыгымдарды алып келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2 миңден ашык адамдын өмүрүн алып кеткен.[1]

  • 1957-жылы Андреяновск аралдарында (Аляска) магнитудасы 9 баллга жеткен жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон цунами бийиктиги 15 метрге жеткен толкундарды жараткан. Ошол эле учурда 200 жыл тынч жаткан Умнак жанар тоосу кыймылга келип, атылган. үч жүздөй киши каза болгон.
  • Аляскадагы эң катуу жер титирөөлөрдүн бири 1964-жылы Принц Уильямс кысыгында болгон. Магнитудасы 9,2 баллга жеткен бул жер титирөө бийиктиги 67 метрге жеткен толкундарды пайда кылган. Цунамиден өлгөн адамдардын саны жүз элүүгө жеткен.
  • 1998-жылы июль айында Жаңы Гвинея аралдарынын түндүк-батыш тарабында болгон магнитудасы 7,1 баллдык жер титирөөнүн натыйжасында суу астындагы [[жер көчкү] пайда болуп, цунамини жараткан. Натыйжада 2 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен.
 
Мегацунами, Япония

* 2004-жылы Инд океанында магнитудасы 9,3 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, өтө күчтүү цунамини пайда кылган. Мындан бир топ Азия өлкөлөрү жабыр тарткан: Индонезияда - 180 000, Шри-Ланкада - 31-39 000, Тайландда - 5 000ден көп адам өлгөн. Жалпысынан алганда, бул цунами 235 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал гана эмес, айрым жерлерде жээктин картасынын өзгөрүшүнө себеп болгон.

  • 2011-жылдын 11-мартында Японияда болгон жер титирөөнүн магнитудасы 8,9 баллга жеткен. Очогу Токио шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 373 чакырым алыстыкта болгон. Мындан пайда болгон цунаминин бийиктиги жээкте 10 метрден ашып, көптөгөн кыйроолорду алып келди. Алынган маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу суу астында 24 метр тереңдикте болгон.

Жаныбарлардагы табигый инстинкт түзөтүү

 
Мышыктар кырсыкты алдын ала билишкен

Окумуштуулар жаныбарларды изилдеп отуруп, өтө чоң кыйратууга алып келген табигый кырсыктарда да аз эле жаныбар өлгөнүн аныкташкан. Ал гана эмес, бул тууралуу тасма да тартышкан. Заманбап технологиянын жардамы менен так биле албаган цунамини жаныбарлар алдын ала сезишкендиги тасмадагы негизги идея болгон.

Түштүк Индиядагы деңиз чырагынын (маяктын) кароолчусу 2004-жылкы цунамиден бир нече саат мурун антилопалар чуу түшүрүп, жакынкы тоолорду көздөй качып кеткенин айткан. Тайланд]да болсо байланып турган пилдер жиптерин үзүп, жогору жакка качып кетишкен. Кырсык болордо фламинголор кадимки азыктанчу жайларынан бийик жактарга учуп кетишкен. 2004-жылдын 26-декабрында Азия өлкөлөрүнүн жээктерин кыйроого учураткан жер титирөө сейсмикалык байкоолордун тарыхында кубаттуулугу боюнча 2-орунга чыгып, магнитудасы Рихтердин шкаласы боюнча 9,3 баллга жеткен. Бул табигый кырсык, болжол менен, 300 миң адамдын өмүрүн алып кеткен. Тарыхчылардан баштап биолог, науралист, сейсмолог, метеорологдорго чейин атайын адистер Тайланд, Шри-Ланка, [[Түштүк Индия], АКШ ж. б. өлкөлөрдө ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, жогорудагыдай эле жыйынтык берген көптөгөн маалыматтарды топтошкон. Натыйжада жапайы жаныбарлар адамдарга караганда эрте жана көбүрөөк маалымат алары аныкталган. "Жаныбарлар табигаттын берген белгилерин туура кабыл алышат жана убагында коркунучсуз жайга кетип калышат. Эгерде адамдар жаныбарлардын жүрүм-турумун "окуй" билишкен болсо, көптөгөн курмандыктардын жана зыяндардын алдын алууга болмок", - дейт биолог, доктор Майк Хайтхаус.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

 
Толкундар жээкте бийиктейт

* Цунамилер суу түбүндөгү титирөөдөн болот деген божомолду биринчи жолу байыркы грек тарыхчысы Фукикид б. з. ч. 426-жылы "Полепонеск согушунун тарыхы" деген китебинде жазып кеткен.

  • Англиялык 10 жашар кыз Тилли Смит география сабагында цунаминин алдында деңиз суусу күтүүсүз тартыларын угат да, 2004-жылы цунаминин алдында жээктен ошол кубулушту байкап, ата-энесине айтат. Ата-энеси жээктеги башка адамдарга айтып, натыйжада миңдеген адамдардын өмүрү сакталып калат. Андан соң ал кыз БУУга мүчө катары кабыл алынып, анын урматына бир астероид "20002 Тиллисмит" деп аталган.
  • Окумуштуулардын айтуусуна караганда, суу алдындагы жер титирөөлөр эң көп болгон аймак Тынч океан болуп эсептелет. Ошондуктан билгендерге ал "тынч" эмес, эң коркунучтуу жана каардуу океан катары саналат. Статистикалык маалыматтарга караганда, цунамилердин да эң көбү Тынч океанда болот: Тынч океан - 75 пайыз, Жер ортолук деңизи - 12 пайыз, Атлантика океаны - 9 пайыз, Инд океаны - 3 пайыз, ал эми калганына 1 пайыз туура келет.
  • Учурда цунами менен күрөшүүдө окумуштууларга заманбап технология жардамга келет. Ал аркылуу дүйнөнүн көптөгөн университеттеринде жана атайын изилдөө борборлорунда гидродинамиканын закондорунун негизинде цунамилердин математикалык моделдерин эсептеп чыгарган программалар түзүлгөн. Мындай моделдердин жардамы менен кыйраткыч цунамилердин пайда болушу жана жергиликтүү рельефке карата алардын таралуу траекториясы, ылдамдыгы ж. б. параметрлери эсептелип турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Левин Б. В., Носов М. А. Цунаминин физикалык мүнөздөмөсү жана океандагы табияты окшош кубулуштар (Физика цунами и родственных явлений в океане). М.: Янус-К, 2005
Пелиновский Е. Н. Цунами толкундарынын гидродинамикасы (Гидродинамика волн цунами) / ИПФ РАН. Нижний Новгород, 1996. 277 с.
http://www.oceanographers.ru/index.php?option=com_content&task=view&id=1258&Itemid=178 Archived 2008-12-15 at the Wayback Machine - Цунаминин пайда болуу себептери,Электрондук Энциклопедия, Локальные цунами: предупреждение и уменьшение риска, сборник статей./ Под редакцией Левина Б. В., Носова М. А.- М.: Янус-К, 2002
http://tsun.sscc.ru/tsulab/H_School/titul.htm Archived 2013-04-15 at the Wayback Machine - Жер титирөө жана цунами. Орто мектептин окуучулары үчүн окуу колдонмосу.



Шилтемелер түзөтүү

  1. http://www.oceanographers.ru/index.php?option=com_content&task=view&id=1258&Itemid=178 Archived 2008-12-15 at the Wayback Machine - Цунаминин пайда болуу себептери,Электрондук Энциклопедия

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

http://www.youtube.com/watch?v=Gbq412haY1c&hl=ru&noredirect=1
http://www.youtube.com/watch?v=RDOuwMj7Xzo&hl=ru
http://katastroffi.narod.ru/tsunami.html
http://katastroffi.narod.ru/tsunamy/ts-alyaska57-58.html
]]