Волюнтаризм (политология): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Волюнтаризм (лат. voluntas – эрк) 1883-ж. Ф. Теннис тарабынан эрк жана аң-сезимдүү эрктин айырмасы ач..."
(Айырма жок)

23 июнь 2012, саат 12:23 учурдагы нуска

Волюнтаризм (лат. voluntas – эрк) 1883-ж. Ф. Теннис тарабынан эрк жана аң-сезимдүү эрктин айырмасы ачылганда киргизилген түшүнүк. Ф. Т. Теннис, коомдун кыймылдаткыч күчү эрк импульстары деген ойду айтып, социологияны психологиялаштырган, ал эми анын мурасчылары политологияны психологиялаштырганга аракеттенишкен. Стихиялык кыймыл, эрктин биринчилиги жөнүндө багытка жол салып, Шопенгауэрдин окуусунда айтылат. П. П. Лавров, И. Михайловскийдин социологиясында «баатырлардын» эрки көпчүлүктө артынан ээрчиткен күчкө ээ деп, народниктердин саясий ишмердүүлүгүндө чагылдырылган саясий Волюнтаризм термини «улуу саясат» метафорасы (1888-ж. Ницше) менен байланыштырылат. «Бийлик эркине» таянып, бул саясат социалдык жөнгө салуунун эскирген формаларын жок кылат жана негизги оордук, көнүүнү «христиандыктан» расага жөктөйт. Ф. Теннис «фашизм – азыркы варварчылык» деп атаган, себеби Муссолини менен Гитлер да «бийлик эркине» таянышкан. В. Розенбергдин эмгектеринде В. жогорку саясий баалуулук катары эсептелген. Волюнтаризм – индивидуалдуу бунттун жана «көпчүлүктүн көтөрүлүшүнүн» таянычы болуп эсептелет, – деген X. Ортега-и-Гассет. Эрктин стихиялуу көрүнүшүнүн адамдын, коомдун турмушунун башталышы катары карап Волюнтаризм жактоочулары саясий процессти баш-аламан, түздөн-түз кыймыл-аракетке таянган процесс деп мындагы объективдүү мыйзам ченемдүүлүктү таанышкан. Көбүнчө саясатта Волюнтаризм авторатаризмге, тоталитаризмге же анархизмге алып келет. Көп учурда башкаруучунун эрки көпчүлүк үчүн мыйзам болуп калат. Волюнтаристтик көз караштар кайра куруу саясатын тездетүүдө чоң роль ойногон. Мисалы, «ар бир үй-бүлөгө өзүнчө квартира» деген ураан Волюнтаризм экендигин көрсөтөт. Система кулап жатканда эрктин импульстары – (администрациялык-командалык да) жаңы системаны түзүүнүн зарылдыгын унутуп таштоого да алып келет. Бюрократташтыруу өтө эле борборлошкон бийлик, плюрализмдин жоктугу Волюнтаризмдин өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Жаңы саясий ой жүгүртүүлөр, граждандык укук жана эркиндиктерди гарантиялоо Волюнтаризмди токтотууга көмөк берет.


Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9

ky:Волюнтаризм