Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жамаат''' (орус. Община) – өздүк мүчөлөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү менен бирикти..."
(Айырма жок)

28 июнь 2012, саат 05:37 учурдагы нуска

Жамаат (орус. Община) – өздүк мүчөлөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгү менен бириктирилген жана жергиликтүү өзүн өзү башкарган системага ээ социалдык майда уюм.

Алгачкы Жамааттык коомдо уруулук Жамаат өндүрүштүк, үй бүлөлүк, тиричиликтик, идеологиялык функцияларды жөнгө салган негизги организм болуп саналган. Коомдук мамилелердин андан ары өнүгүшүнө байланыштуу региондук (азиялык, европалык) жана функционалдуу (айылдык, коммуналдык, конфессионалдык, улуттук ж. б.) Жамааттар пайда болгон.

Азиялык коңшулук Жамааты узак мезгилдер бою ишмердүүлүктүн биргелешкен өндүрүш, биргелешкен ырым-жырым сыяктуу түрлөрүнүн функциясын аткарып келген. Европалык типтеги дыйканчылык Жамаатта жалпы менчиктин (ээн жаткан жер же жайыт) элементтери гана сакталып калган. Феодалдык коомдо дыйканчылык, коңшулук Жамааттар карама-каршы функцияларды аткарышкан. Бир жагынан бул өз мүчөлөрүн калкалап алууга жөндөмдүү демократтык институт болуп саналса, экинчи жагынан Ж. мамлекет жана жеке адамдар тарабынан фискалдуу максаттарда (Мисалы: коллективдүү жумушта ар бир мүчөнүн бири бирине кепил болуп, ал үчүн жооптуу болуусу сыяктуу круговая порука формасында) пайдаланылган. Рыноктук, капиталисттик мамилелер айылдык Жамааттарды талкалап, алардын ордуна фермердик чарбалар жана латифундистер пайда болот.

Капитализмдин шартында цехтер жана гильдиялар өңдүү шаардык Жамааттар да талкаланып жок болот. Бирок, Азиянын, Африканын жана Американын айылдык Жамааттары азыркы чейин сакталып, өз жашоосун улантууда. Учурдагы коом үчүн конфессионалдуу, улуттук жана коммуналдык Жамааттар мүнөздүү. Тике демократиянын мындай институттары коомдогу маанисин жогото элек.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8