Африка — дүйнөдө чоңдугу боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 29,3 млн км2 (аралдары менен 30,3 млн км2). Калкы 896,7 млн (2005). Батышынан Атлантика океаны, түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Инди океаны жана Кызыл деңизи менен чулганат. Суэц мойногу аркылуу Азия менен туташып, кууш (13 км) Гибралтар кысыгы аны Европадан бөлөт. Африканын эң түндүк учу - Эль-Абьяд тумшугу, түштүк чети - Ийне тумшугу, батышы - Жашыл Тумшук жарым аралындагы Альмади тумшугу, чыгышы - Сомали жарым аралындагы Рас-Хафун тумшугу. Жээктери көбүнчө тоолуу, ыңгайлуу булуң-буйтка аз; эң чоң булуңдары - Гвинея, Сидра. Эң ири жарым аралы - Сомали. Африкага (дүйнө бөлүгү катары) таандык аралдар: чыгышында - Мадагаскар, Комор, Маскарен, Амирант, Сейшель, Пемба, Мафия, Занзибар, Сокотра; батышында Мадейра, Канария, Жашыл Тумшук, Аннобан, Пагалу, Сан-Томе, Принсипи, Фернандо, По, Биоко, алыскы аралдары - Вознесение, Ыйык Елена, Тристан-да-Кунья. Геологиялык түзүлүшү боюнча Африка - негизинен кембрийге чейинки платформа. Анын фундаменти Нубия-Араб, Ахаггар, Регибат жана башка калкандарда жер бетине чыгып жатат. Африканын түндүк-батышындагы Атлас тоолорунун ички бөлүгү жана материктик түштүгүндөгү Кап тоолору герцин, ал эми Атлас тоолорунун түндүк тармактары альп бүктөлүүлөрүнө таандык. Дүйнөлүк маанидеги кен байлыктары: алмаз (Түштүк жана Батыш Африка), алтын, уран (Түштүк Африка), темир, алюминий (Батыш Африка), жез, кобальт, бериллий, литий (негизинен Түштүк Африка) рудалары, фосфорит, нефть, табигый газ (Түндүк жана Батыш Африка).

Африка

Африка жарым шаардагы картада
Аянты

30 221 532 км²

Калкы

1,1 млрд (2013)[1] адам

Жыштыгы

30,51 адам/км²

Этнохороними

африкалыктар

Курамында

55 өлкө[2]

Көз каранды
өлкөлөр
Тилдери

Африка тилдери

Убакыт аралыгы

UTC-1UTC+4

Табияты

түзөтүү

Рельефинде түздүктөр, платолор жана бөксө тоолор үстөмдүк кылат, ал эми ойдуңдар материктин аймагынын 9,8% аянтын гана ээлейт, алар негизинен жээк бөлүктөрүндө жайгашкан. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги (750 м) боюнча Антарктидадан жана Евразиядан кийинки 3-материк; эң бийик жери Чыгыш Африка бөксө тоосундагы Килиманжаро жанар тоосу, 5895 м. Африканы экватордон түндүктү карай дээрлик бүт Сахара, Судан түздүктөрү жана платолору ээлейт. Сахаранын борбордук бөлүндө Ахаггар, Тибести тайпак тоолору (эң бийик жери - Эмми-Куси чокусу, 3415 м), Суданда - Дарфур платосу (3088 м), Сахаранын түндүк-батышында Атлас тоолору (4165 м, Тубкаль чокусу) көтөрүлөт. Кызыл деңизди бойлой Этбай кырка тоосу созулуп жатат (2259 м, Ода чокусу). Судан түздүгү түндүгүнөн Түндүк Гвинея дөңсөөсү (Бинтимани чокусу, 1948) жана Азанде бөксө тоосу менен чектешет. Чыгышындагы Эфиопия тайпактоосу (Рас-Дашан чокусу, 4620 м) Афар ойдуңун карай тик түшөт; Афар ойдуңунда Африканын эң чуңкур жери орун алган (андагы Ассаль көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 150 м төмөн жайгашкан). Азанденин түшгүгүндө жайгашкан Конго ойдуңу батышынан Түштүк Гвинея дөңсөөсү, түштүгүнөн Луанда-Катанга бөксө тоосу, чыгышынан Чыгыш Африка бөксөтоосу (Килиманжаро тоосу, 5895 м; Рувензору чокусу, 5109 м) менен чектешет. Түштүк Африкада жайгашкан бийик Калахари түздүгү батышынан бөксөтоолор, чыгышынан Ажыдаар тоолору (3482 м) менен чектешет. Материктин түштүк четинде орто бийиктеги (2326 мге чейин) Кап тоолору созулуп жатат. Материкте түзөң рельефтин басымдуу болушу анын платформалык структурасына байланыштуу. Африканын түндүк-батышында платформанын фундаменти терең жатып, үстүн чөкмө тектер калың жаап, басымдуу бийиктиги 1000 мге чейин болгондуктан Жапыз Африка, ал эми түштүк-батышында байыркы фундамент айрым жерлеринде жер бетине чыгып, бийиктиги 1000 мден ашкандыктан ал Бийик Африка деп аталат. Африка платформасынын төмөн ийилген жерлери ири ойдундарга (Калахари, Конго, Чад жана башка), жогору көтөрүлгөн жерлери тоолорго туура келет. Африканын чыгыш чет жакасы платформанын эң активдүү кыймылдуу бөлүгү болгондуктан көтөрүңкү (бийик Эфипопия тайпак тоосу, Чыгыш Африка бөксө тоосу жайгашкан) жана өтө тилмеленген; анда Чыгыш Африка тектоникалык жаракаларынын татаал системасы созулуп жатат.

Климаты

түзөтүү
 

Африканын басымдуу бөлүгүнүн тропик алкактарынын аралыгында жайгашуусу жана суммардык күн радиациясынын жогорулугу (180200 ккал/см2) анын климатын аныктайт. Ошого байланыштуу Африканын басымдуу бөлүгүндө жогорку температура үстөмдүк кылып, дүйнөдөгү эң ысык материк деп эсептелинет. Гвинея булуңунун түндүк жээгинде жана Конго ойдуңунда абанын жылдык орточо температурасы 25-26°С болот. Судандын түндүгүндө жана Сахарада жайында өтө ысык (орточо температурасы 30-32°С), батышында 38°Сге чейин; Эль-Азизия (Ливияда) Жер шарындагы эң ысык жер, анда 58°С катталган. Субтропик кеңдиктеринде 16-22°С. Кыш мезгилиндеги абанын орточо температурасы 20° түндүк жана түштүк кеңдиктеринде 16°С, субтропиктерде 10°С. Африканын чыгыш жээгин экватордон түштүктү карай чулгап турган Мозамбик жана Ийне тумшук жылуу агымдары материктин жээгинин темпрасын көтөрүп, бир калыпта кармап турат; Канар жана Бенгал муздак агымдары температураны төмөндөтүп, Африканын тропик алкактарындагы батыш жээктеринде кургактыкты күчөтөт. Түндүк жарым шарда кургактык зо4р аймакты ээлегендигине жана Азиянын жакын жайгашкандыгына байланыштуу климаттын континенттүүлүгү өтө жогору. Түштүк жарым шарда Ажыдаар тоолорунун айдарым капталдарында жана Мадагаскарда жаан-чачын мол жаайт. Африканын үстүндөгү негизги циркуляциялык процесс - тропиктик абанын пассатар менен кириши. Пассаттык тропиктик аба ички тропиктик конвергенциянын түндүк жана түштүк зоналарында экватордук аба менен беттешип, циклондук депрессия пайда болот да нөшөрлөнгөн жаан-чачын алып келет. Пассаттык циркуляция муссондук циркуляция менен татаалдашат. Муссондук циркуляция айрыкча Гвинея булуңунун түндүк жээгине жана Африканын чыгыш чет жакасына мүнөздүү. Атмосфералык циркуляциянын, температуранын жана жааган жаан-чачындын сезондук өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Гвинея булуңунун жээктеринде жана Конго ойдуңунда дайыма нымдуу, ысык экватордук климат (5-7° түн. кендиктер менен 2-3° түштүк кендиктердин аралыгында) түзүлөт. Камерун тоосунун этегинде жайгашкан Дебунжада жылына 9655 мм жаан-чачын жаайт (Африканын эң жаанчыл жери). Экватордук климат түндүктү жана түштүктү карай акырындап субэкватордук (экватордук муссондук) климатка өтөт; мында жайы жаанчыл, кышы кургакчыл болот. Кургакчыл кышкы сезондун узактыгы 2 айдан 10 айга чейин созулат; ал эми жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1800 ммден 300 ммге чейин азаят. 20° түн. кеңдиктен түндүктү, 18° түштүк кендиктен түштүктү карай тропиктик климат өкүм сүрөт; Түндүк жарым шарда чөлдүү, өтө кургакчыл; Сахарада жылдык жаан-чачындын өлчөмү 100 мм жана андан аз; Чыгыш Сахара Африканын эң кургакчыл жери, мында жылына 10-20 мм гана жаан-чачын жаайт. Чыгышын жээктей климаты океандык чөлдүү, абанын салышгырмалуу нымдуулугу жогору. Түштүк жарым шардын тропиктик алкагында климаттын 3 сектору түзүлөт: батышы - океандык чөлдүү; борбордук бөлүгүндө - мелүүн континенттик кургакчыл жана кургакчыл, чыгышында деңиздик пассаттык, жайы жаанчыл. Африканын түндүк жана түштүк чет жакалары субтропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Африканын түндүгүндө Жер Ортолук деңиздик - Атлас тоолорунун айдарым капталдарына накта, анын ички аймактарына, Ливиянын жана Египеттин жээктерине жарым чөлдүү жана чөлдүү Жер Ортолук деңиз климаты мүнөздүү. Түштүк жарым шарда накта Жер Ортолук деңиздик климат Кап тоолорунун түштүк-батыш айдарым капталдарында байкалат; жаан-чачын максимуму жайында болгон муссондук субтропик климаты - түштүк-чыгыш чет жакасына, жарым чөлдүү жана чөлдүү климат - ички аймактарына мүнөздүү. Африка жылдык агымынын өлчөмү (5390 км3) боюнча Азия жана Түштүк Америкадан кийинки 3-материк. Дарыялары экватордук климаттык алкакта жыш, ал эми чөлдөрдө жана Калахаринин кумдуу түздүктөрүндө дээрлик жок. Континенттик суу бөлгүч Афиканын чыгыш көтөрүңкү бөлүгү аркылууу өтөт. Ошондуктан Атлантиканын алабына Африканын аянтынын 36,05%, Инди океанынын алабына 18,48% , Жер Ортолук деңиздин алабына 14,88% таандык. Ири дарыялары: Конго, Нил, Нигер, Замбези, Оранж. Алардын ичинен Конго жылдык агымынын өлчөмү боюнча (1230 км3) дүйнөдө Амазонкадан кийинки 2-ири дарыя, ал эми Нил дүйнөдөгү эң узун (6671 м) дарыя деп эсептелинет. Суусу сыртка агып чыкпаган аймак Африканын аянтынын 30,5% ин ээлейт. Африканын дарыялары куралуусу боюнча төмөнкү типтерге бөлүнөт: 1) экватордук (жамгыр сууларынан гана куралып, агымы жылбою туруктуу болгон); 2) судандык (эң көп таралганы; негизинен жамгыр суусунан куралат; агымы жайында жана күзүндө мол болот); 3) сахара (мезгил-мезгили менен пайда болуучу агымдар - уэддер мүнөздүү); 4) Жер Ортолук деңиздик (жамгыр, бир аз кар сууларынан куралып, жайында тайыздап же соолуп калган суулар). Африканын ири дарыялары бүт татаал режимдеги транзиттик дарыялар. Африканын чоң көлдөрүнүн дээрлик бардыгы Чыгыш Африка бөксө тоосундагы тектоникалык ойдуңдарда жайгашкан; алар узун, кууш жана терең. Танганьика көлү тереңдиги боюнча (1435 м) Байкал көлүнөн кийинки дүйнөдөгү экинчи-көл. Африканын эң ири көлү - Виктория, тузсуз көлдөрдүн ичинен Түндүк Америкадагы Жогорку көлдөн кийинки экинчи көл. Кийинки ири көлдөр: Ньяса, Тана, Чад жана башка. Нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) ысык жана дайыма нымдуу климаттуу Гвинея булуңунун жээктеринде (7° түндүк кеңдик менен 12° түштүк кеңдиктердин аралыгында) жана Конго ойдуңунда (4° түндүк кеңдик менен 5° түштүк кеңдиктердин аралыгында) кеңири аймакты ээлейт. Ал түндүгүндө жана түштүк чет жакаларында аралаш (жалбырагын түшүрүүчү - дайыма жашыл) токойго өтөт. Тропиктик нымдуу (негизинен пальмалуу) токой Африканын чыгыш жээги менен Мадагаскардын чыгышында, жазы ийне жалбырактуу аралаш токой Африканын түштүк-чыгыш муссондуу чет жакасында, дайыма жашыл катуу жалбырактуу (негизинен тыгын эмендүү) токой Атлас тоолорунун айдарым капталдарында өсөт. Тоо капталдарын 3000 м бийиктикке чейин жана жаан-чачын мол жааган жерлерди ээлеген тоо токою жапыз өсүп, анда мамык чөп менен эңилчектер көп кездешет. Гилеянын астында кызыл-сары ферралит, латериттик глей, тропиктик саз, жалбырагын түшүрүүчү - дайыма жашыл токоюнун астында кызыл, Чыгыш Африканын түштүгүндөгү жана Түштүк Африкадагы сейрек токойдун астында кызыл-күрөң топурактары өөрчүйт. Саванна Экватордук Африканын токой массивдерин курчап, Судан, Чыгыш жана Түштүк Африка аркылуу түштүк тропиктен ары карай созулуп жатат. Ал өскүлөң, накта (кургакчыл) жана чөлдөшкөн саванна болуп бөлүнөт. Өскүлөң саванна жаан-чачын мол жааган (800-1200 мм) жерлерди ээлеп, жыш жана бийик өскөн (мисалы, пил чөбү 5 мге жетет) кылкандуу өсүмдүктөр аралаш же жалбырагын күбүүчү, дайыма жашыл галерея токой массивдери менен айкалышып жатат. Накта саванна (жаан-чачындын өлчөмү 500-800 мм) бийиктиги 1 мге чейинки кылкандуу чөп өсүмдүктөрдүн (кызыл от, темеда жана башка) текши тилкеси; дарак өсүмдүктөрдөн пальма, баобаб, акация, молочай жана башка кездешет. Чөлдөшкөн саванна (300-500 мм) суйдаң кылкандуу өсүмдүктөрдөн турат; анда тикендүү бадалдар (негизинен акация) кеңири таралган. Саваннанын алдында кызыл, кызыл-коңур, кызгылт коңур топурактары өөрчүйт. Чөлдүн эң зор аймагы Африканын түндүк бөлүгүндө, анда дүйнөдөгү эң ири Сахара чөлү жайгашкан. Анын өсүмдүктөрү склерофилдүү (жалбырагы катуу, кургакчылыкка чыдамдуу), өтө суйдаң. Оазистердин негизги өсүмдүгү - курма пальмасы. Түштүк Африкадагы Намиб жана Карру чөлдөрүндө негизинен суккуленттер (мезембриантемум, алое, молочай) өсөт. Карруда акациялар көп. Африканын чөлдөрү субтропиктик чет жакаларында кылкандуу өсүмдүк-бадалдуу жарым чөлдөргө өтөт. Жаныбарлары өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланып, Эфиопиялык зоогеографиялык аймагына кирет. Африканын тропиктик зоналарын (негизинен коруктарда) пил, керик, гиппопотам, зебра, антилопа жана башка туяктуулар; арстан, кабылан жана башка ири жырткыч айбанаттар мекендейт. Маймыл, майда жырткыч жаныбарлар, кемирүүчүлөр, кургакчыл жерлерде сойлоп жүрүүчүлөр көп. Канаттуулардын көп түрү, анын ичинен төөкуш, ибис, фламинго кездешет. Чарбага термит, чегиртке, цеце чымыны чоң зыян келтирет. 19-кылымда, айрыкча 20-кылымдын башында өтө азайып бараткан жаныбарларды коргоо максатында улуттук парк жана коруктар (ирилери - Крюгер, Калахари-Гемсбок, Серенгети, Цаво) уюшулган.

Африканын саясий бөлүнүшү

түзөтүү
Мамлекеттер Аянты (миң км2) Калкынын саны (млн, 2001) Борборлору
Алжир, Алжир Элдик Демократиялык Республикасы 2381,7 26,3 Алжир
Ангола, Ангола Республикасы 1246,7 10,6 Луанда
Бенин, Бенин Республикасы 112,6 5,1 Порто-Ново
Борбордук Африка Республикасы 623,0 3,1 Банги
Ботсвана, Ботсвана Республикасы 582,0 1,4 Габороне
Буркина-Фасо 274,2 9,5 Уагадугу
Бурунди, Бурунди Республикасы 27,8 5,8 Бужумбура
Габон, Габон Республикасы 267,7 1,3 Либревиль
Гамбия, Гамбия Республикасы 11,3 0,9 Банжул
Гана, Гана Республикасы 238,5 17,0 Аккра
Гвинея, Гвинея Республикасы 246,0 6,1 Конакри
Гвинея-Бисау, Гвинея-Бисау Республикасы 36,1 1,0 Бисау
Жибути, Жибути Республикасы 23,2 0,7 Жибути
Египет, Египет Араб Республикасы 1001,4 61,0 Каир
Замбия, Замбия Республикасы 752,6 9,1 Лусака
Зимбабве, Зимбабве Республикасы 391,0 10,5 Хараре
Кабо-Верде, Кабо-Верде Республикасы 4,0 0,4 Прая
Камерун, Камерун Республикасы 475,4 12,1 Яунде
Кения, Кения Республикасы 580,3 27,1 Найроби
Комор, Комор Федерация Ислам Республикасы 1,8 0,5 Морони
Конго, Конго Демократиялык Республикасы 2344,9 42,5 Киншаса
Конго, Конго Республикасы 342,0 2,4 Браззавиль
Кот-д’Ивуар, Кот-д’Ивуар Республикасы 322,5 13,0 Ямусукро
Лесото, Лесото Королдугу 30,3 1,8 Масеру
Либерия, Либерия Республикасы 111,3 2,6 Монровия
Ливия, Ливия Араб Социалисттик Эл Жамахириясы 1759,5 5,0 Триполи
Маврикий, Маврикий Республикасы 0,2 1,2 Порт-Луи
Мавритания, Мавритания Ислам Республикасы 1025,5 2,1 Нуакшот
Мадагаскар, Мадагаскар Демократиялык Республикасы 587,0 12,8 Антананариву
Малави, Малави Республикасы 118,4 8,8 Лилонгве
Мали, Мали Республикасы 1240,1 10,1 Бамако
Марокко, Марроко Королдугу 446,5 26,3 Рабат
Мозамбик, Мозамбик Республикасы 801,5 15,0 Мапуту
Намибия, Намиб Республикасы 824,2 1,6 Виндхук
Нигер, Нигер Республикасы 1267,0 8,2 Ниамей
Нигерия, Нигерия Федерация Республикасы 924,1 88,5 Абужа
Реюньон 2,5 0,7 Сен-Дени
Руанда, Руанда Республикасы 26,4 8,0 Кигали
Сан-Томе жана Принсипи 0,9 0,2 Сан-Томе
Свазиленд, Свазиленд Королдугу 17,3 0,8 Мбабане
Сейшель аралдары, Сейшель аралдары Республикасы 0,4 0,8 Виктория
Сенегал, Сенегал Республикасы 196,7 8,0 Дакар
Сомали, Сомали Демократиялык Республикасы 637,6 9,2 Могадишо
Судан, Судан Республикасы 2505,8 26,6 Хартум
Сьерра-Леоне, Сьерра-Леоне Республикасы 71,4 4,3 Фритаун
Танзания, Танзания Бириккен Республикасы 945,0 27,8 Дар-эс-Салам
Того, Того Республикасы 56,8 3,8 Ломе
Тунис, Тунис Республикасы 164,0 8,4 Тунис
Түштүк-Африка Республикасы 1220,0 40,0 Претория
Уганда, Уганда Республикасы 235,9 18,6 Кампала
Чад, Чад Республикасы 1284,0 6,1 Нжамена
Ыйык Елена аралы 0,1 0,07 Жеймстаун
Экватордук Гвинея 28,0 0,4 Малабо
Эритрея 125,0 3,8 Асмара
Эфиопия 1128,0 55,5 Аддис-Абеба

Африканын жергиликтүү калкы бир канча расага таандык. Сахаранын түндүгүндө европеид расасына тиешелүү инди-Жер Ортолук деңиз расасы кеңири таралган (арабдар, берберлер). Сахаранын түштүгүндө экватордук (негр-австралоиддик) расага кирген негр, негрилл жана бушмен раса тибиндеги элдер жашайт. Негрлер терисинин өтө каралыгы, тармал чачтуу, калың эриндүү, жазы мурундуу, узун бойлуулугу менен мүнөздөлөт. Негриллдер (Борбору Африка пигмейлери) алардын өңү бир аз агыраак, кыска бойлуу, жука эриндүү, денесинин түктүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Бушмен (түштүк африкалык) раса тибиндегилер (бушмен жана готтентот) негрлерге караганда сары-күрөң түстүү, орто бойлуулугу менен айырмаланат. Эфиопия менен Сомали жарым аралында жашаган элдер эфиоп (Чыгыш Африка) расасына таандык. Булар экватордук жана европеид расасынын ортосундагы өткөөл орунда турушат. Чап жаак, кырдач мурундуу, эрди калың, орто бойлуу, тармал чачтуу, кара тору келет. Мадагаскар аралынын эли негрлер менен түштүк азиялык расалардан турат.


Булактар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1