Китепкана: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:British Museum Reading Room Section Feb 2006.jpg|thumb|300px| Британия музейнин атактуу окуу залы (1857 жылы ачылган)]]
'''Китепкана''' ([[Грек тили|грек]]. βιβλιοθήκη / bibliothēkē, βιβλίον / biblíon «китеп» жана θήκη / thēkē «сактоо жайы») — басмадан чыккан китеп, журнал, газеталарды топтоо, сорттоо, окурмандарга берүү, пропагандалоо боюнча иш алып баруучу, ошондой эле библиографиялык иштерди жүргүзүүчү мекеме. Милдетине, китеп фондуна жана иштөө методуна жараша китепканалар массалык, илим жана атайын деп бөлүнөт.
 
Массалык китепканалардын негизги милдеттери: адабияттарды талдоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, илим китепканалар илим, эл чарбасы жана маданият тармагындагы адистерди тейлейт. Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлардын студенттер жана окутуучулар курамынын муктаждыктарын канааттандырат. Илим китепканага мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин түрдүү тармагы боюнча китепканалар кирет. Атайын китепканага техника, ишкана, илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлардын китепканалары кирет. Китепканалардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө жана уюштуруу, китеп окуучуларды тейлөө.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Китепкана" булагынан алынды