Өгөй эне-өз эне: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Өгөй эне-өз эне''' — көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, [[Кавказ|Кавка..."
(Айырма жок)

17 июль 2012, саат 11:47 учурдагы нуска

Өгөй эне-өз эне — көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Кавказда, Сибирде, Орто Азиянын тоолорунда кеңири таралган. Биздин республикада Чүй өрөөнүндө, Ала-Тоо, Алай тоо кыркасында, Борбордук Тянь-Шанда өсөт. Медицинада кургатылган жалбырагы жана топ гүлү кайнатып же ачытып, какырык чыгаруучу дары катарында колдонулат. Аны июньиюль айында чогултуп, ачык абада, бөлмөдө, үй чатырында тез-тез которуп кургатат.


Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8