Гимнастика: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Гимнастика''' ([[Байыркы грек тили|байыркы грек]]. gymnós — жылаңачталган) — адамдын ар тараптан өсүшүн жана ден соолугунун чыңдалышын камсыз кылуучу дене тарбия көнүгүүлөрүнүн атайын тандалган системасы. Гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуу жүрөк-кан тамыр жана дем алуу системаларынын ишин жакшыртат, таяныч-кыймыл аппаратын бекемдейт, зат алмашуу процессин ылдамдатат. Гимнастика адамдын денесинин гармониялык өсүшүн камсыз кылат, келбетти, булчуң системасын бекемдейт, муун-кыймыл координациясын жакшыртат. Гимнастика менен ар кандай куракта жана ден соолугунун абалы ар түрдүү адамдар машыгууга болот. Гимнастика дене тарбия системасында кеңири колдонулат жана
Гимнастикалык машыгууну врач менен кеңешүүдөн кийин баштоо керек. Машыгуу мезгилинде жылына эки жолу врачтык текшерүүдөн өтүп туруу, айрыкча балдар менен улгайып калган кишилерге талап кылынат.
102-сап:
Көркөм гимнастика менен аялдар гана машыгат. Машыгуулар бий калыпында аткарылуучу акробатикалык, ритмдүү көнүгүүлөрдөн турат. Улуттук, классикалык жана азыркы мезгилдеги эстрадалык бийлердин элементтери, басуу, жүгүрүү, секирүү, тең салмактуулукту сактоочу, түрдүү буюмдар (алкак, булава, тасма жана топ) менен аткарылуучу көнүгүүлөр кеңири колдонулат. Көркөм гимнастика нерв системасынын координациялык механизмдерин, кыймыл-аракеттин тактыгын, дененин ийкемдүү лүгүн өөрчүтүүгө жардам берет. Көркөм гимнастика менен машыгууну 7—8 жаштан, ал эми мелдешке 10—12 жаштан баштап катышууга болот.
'''Колдонмо гимнастиканын түрлөрү.'''
Мисалы: монтажчылардын кесибин өздөштүрүүдө бийиктикте аткарылуучу көнүгүүлөр пайдалуу келет. Азыркы мезгилде кесип өзгөчөлүктөрүнө ылайык кесиптик-колдонмо гимнастика менен машыгуу ыкмалары иштелип чыккан.
|