Альбит (лат. albus - ак) - плагиоклаздар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Na(AlSi3O8). Триклин сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, ага ар кандай түстөр кошумчаланып турат. Айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6-6,5, тыгыздыгы 2600-2650 кг/мъ. С. салмагы 2,62-2,65. А. кычкыл жегичтүү тоотектерди жана пегматиттерди түзүүчү минерал. Таза альбит карапа иштетүүчү ишканаларда, фарфор жана фаянс буюмдарын жасоодо колдонулат.

Альбит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү