Плагиоклаздар – талаа шпаттар тобундагы, жаратылышта кеңири таралган, каркастуу силикаттар классындагы тоо тек пайда кылуучу минералдар. Плагиоклаздар альбит менен башталып, анортит менен аяктаган изоморфтуу катарды түзөт. Плагиоклаздар курамындагы анортиттин проценттик өлчөмүн көрсөтүүчү номерлер менен белгиленип, негизги 6 минералга бөлүнөт: 0-10 альбит, 10-30 олигоклаз, 30-50 андезин, 50-70 лабрадор, 70-90 битовнит, 90-100 анортит. Курамындагы SiO2 боюнча кычкыл, орто жана негиздүү Плагиоклаздарга топтоштурулат. Триклин системасында, адатта, кош татаал кристаллдар түрүндө кристаллданат. Салыштырма салмагы 2,62-2,76. Тыгыздыгы 200 (альбит) – 2750 (анортит) кг/м3. Катуулугу 6-6,5. Айнектей жаркырак. Плагиоклаздардын негизги массасы магманын кристаллдануусунда пайда болуп, магма тоо тектеринин негизги курамын түзөт. Контакт-метаморфизм тоо тектери (скарн, роговик ж. б.) менен гидротерм тарамында (альбит) да кездешет. Сосюрит, скаполит, хлорит, серицит, гранат ж. б. минералдар менен оңой аралашат, үбөлөнүүдөн каолинит, монтмориллонит сыяктуу чопо минералдарына өтөт. Түрдүү түстө кубулжуп туруучу олигоклаз (ай таш) жана лабрадор кооздук таш катары колдонулат.

Анортит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү