Байыркы түрк тилдериАзиядагы көптөгөн түрк элдеринин тили. Байыркы тупк тилдерин мүнөздөгөн жазма эстеликтер Орхон, Енисей дарыясынын боюнда, Кыргызстанда Кочкор, Талас өрөөндөрүндө сакталып калган. Бул тилдердин өзгөчөлүктөрү катары сөз башында: б-м, м-б, э-и, ш-с, с-ш, болуп, сөз ортосунда же аягында: р-й, й-з, р-т, з-с тыбыштарынын шайкеш келүүсү мүнөздүү болгон. Мисалы, бен-мен, биң-миң, баңа-мага, бешбис беш, таб-тап, ыд-ыт жибер, бедиз-бедис - кооз, көркөм жана башка ушу сыяктуу Грамматикасында да азыркы тилдерге салыштырмалуу жөндөмө мүчөлөрдө айырмачылыктар болгон. Мисалы, сиз-сизге, бар+мыш-барган, күмүш+игкүмүштү, кызым+ын кызымды ж. б. у. с. Байыркы турк тилдерине 6-9-кылымга тиешелүү байыркы уйгур жазма эстеликтери, 10-13-кылымдагы манихей-уйгур, будда-уйгур жана Караханиддер доорундагы араб тамгасындагы түрк жазма эстеликтери кирет. Фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөр негизинен азыркы түрк тилдеринде сакталган. Азыркы түрк тилдеринин Байыркы турк тилдеринен обочолоно башташы узак мезгилдин натыйжасы катары кабыл алынат. Аларда окшош жана жакындык белгилердин сакталышы азыркы түрк тилдеринде дабирдей эмес. Мисалы, Байыркы турк тилдеринде үндүүлөрдүн ээрчишүүсү кыргыз, алтай, хакас, тыва тилдериндегидей болсо, огуз тобундагы түрк тилдеринде атоочтуктун -мыш, -миш формалары башка түрк тилдеринде -ган, -ген формалары менен берилген.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4